Menu

Стокгольм терактындагы “тажик” изи

Бөлүшүү:

Швециядан башпаанек сураган 39 жаштагы өзбекстандык жаран былтыр апрель айында Стокгольмдо адам өмүрүн алган террордук чабуул койгон деп айыпталууда. Анын соту 13-февралга белгиленди.

Рахмат Акилов жүк ташыган машине менен Швециянын баш калаасында эл көп жүргөн көчөдө бараткандарды тепселеткен. Чабуулда беш киши каза тапкан.

Ага “терроризм жана терроризм аракети” деген айып тагылды. Сот өкүмү июнь айында чыгары белгилүү болду. Сот Акиловго мындай чабуул жасоого эмне түрткү бергенин териштирет. 20-февралда сотто айыпталуучуга сөз берилет.

“Азаттык” радиосунун тажик жана өзбек кызматтары, Швециянын ТТ маалымат агенттиги жүргүзгөн журналисттик иликтөөдө Акилов “Ислам мамлекети” экстремисттик тобундагы тажик согушкерлери менен чабуулга чейин, анын учурунда жана андан кийин байланышта болгону аныкталган.

“Ислам мамлекети” террордук тобу 7-апрелдеги чабуулду мойнуна алган эмес.

Швецияда тергөө абагында жаткан Акилов күнөөсү далилденсе өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Курулушта иштеген өзбек жараны Стокгольмдогу чабуулдан бир нече саат өткөн соң кармалган. Кийинки күнү күнөөсүн мойнуна алганын швед полициясы билдирген.

Авокат Йохан Эриксон Акилов “террордук чабуул жасаганын мойнуна аларын” жана “жазага тартылышы керектигин”, өмүр бою эркинен ажыратылбаса, Швециядан чыгарыларын билерин айткан.

Улуту тажик Акилов Швецияга 2014-жылы саясий башпаанек сурап барган. 2016-жылы швед бийлиги анын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Өткөн жылдын 16-декабрда Швециянын миграция кызматы өз эрки менен өлкөдөн чыгып кетүүгө төрт апта берген. Акилов кайда экенин билгизбей жашынгандан кийин миграция кызматы анын ишин полицияга өткөргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: