Menu

Премьер-министр Сапар Исаков ЭВФ тескөөчү-директору Кристин Лагард менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында, Эл аралык валюталык фонддун тескөөчү-директору Кристин Лагард менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сапар Исаков жана Кристин Лагард  Кыргыз Республикасы жана Эл аралык валюталык фонддун ортосундагы кызматташтыктын абалын жана келечегин, экономикалык абалды жана учурда өлкөдө ишке ашырылып жаткан реформалардын жүрүшүн талкуулады.

Эл аралык валюталык фонддун тескөөчү-директору Кристин Лагард белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун 20 жылдык тарыхында көптөгөн биргелешкен маанилүү долбоорлор ишке ашырылган жана Эл аралык валюталык фонддун атынан финансылык институт өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга жана диалог жүргүзүүгө даяр.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: