Menu

Исаков «Air Arabia» компаниясын авиация тармагында кызматташууга чакырды

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сапар Исаков 11-февралда Дубайда «Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али менен жолугушту. Тараптар авиация тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Өкмөт башчы Сапар Исаков «Air Arabia» авиакомпаниясынын жетекчисине Кыргызстан аркылуу жаңы авиакаттамдарды ачуу мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады.

«Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. «Air Arabia» компаниясы араб дүйнөсү жана Кыргызстан ортосунда дагы бир көпүрө болуп берүүгө даяр. Учурда биздин учактар дүйнөнүн 140 аэропортуна катташат жана Бишкек шаары 141-аба тилкеси болуп калаарына ишенебиз», – деди Адель Абдулла Али.

Жолугушуу учурунда премьер-министр Сапар Исаков өлкөдөгү, анын ичинде жарандык авиация тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

Сапар Исаков Дубайга өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн барган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: