Menu

Фото – Премьер-министр Сапар Исаков Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолукту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитинин ишине катышуу алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолукту.

Жолугушууну ачып жатып, Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасы Абу Даби өнүктүрүү фонду менен учурдагы кызматташтыкты арттырууну сунуштады.

«Фонд менен Араб Кординациялык Топтун алкагында өз ара аракеттешүү боюнча тажрыйбабыз бар. Аны менен катар, биз Кыргыз Республикасы жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштайбыз. Бугүн Фонддун кароосунда «Балыкчы – Каракол – Балыкчы автожолун реконструкциялоо» долбоорунун 104-220 км аралыктагы тилкеси турат. Суроонун орчундуулугун эске алып, биз долбоорду деталдуу талкулоого даярбыз. Бул долбоорду ишке ашыруу Ысык-Көл көлүнүн тегерегиндеги транпорттук инфраструктураны жакшыртууга олуттуу салым кошот жана автоунаа транспорттордун кыймылы учурунда тургундарга жана өлкөнүн коноктору үчүн ыңгайлуу жана коопсуздук шарттарды түзөт», – деди Өкмөт башчы

Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башчысы Мухаммад Саиф Аль-Сувейди Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргыз Республикасынын ортосунда достук жана конструктивдүү мамилелер калыптанганын белгиледи.

«Аны эске алуу менен Абу-Даби өнүктүрүү фонду «Балыкчы – Каракол – Балыкчы автожолун реконструкциялоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын билдирмеси менен артыкчылыктуу иретте таанышып чыгат», – маалымдады ал.

Аны менен катар жолугушуунун жүрүшүндө энергетика, транспорт, саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташуунун мүмкүнчүктөрү тууралуу талкуулашты. Тактап айтканда Абу-Даби өнүктүрүү фондунун Бишкектин 4 шаардык ооруканасын реконструкциялоого жардам көрсөтүүсү тууралуу сөз болгон.

Маалымат иретинде: Абу-Даби өнүктүрүү фонду 1971 –жылы Абу-Дабинин (БАЭ) өкмөтү тарабынан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө өнүктүрүү долбоорлорун каржылоосуна насыя берүү, ошондой эле ал өлкөлөрдөгү долбоорлорго узак мөөнөттүк инвестицияларды салуу жолу менен жардам берүүгө негизделген уюм.

2015-2016 жж. Фонд Оман, Кирибати, Палау, Маршалл араладпры жана башка өлкөлөргө күн жана шамал электр станцияларын, сууну тазалоо боюнча ишканаларды курууга жардам берген.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: