Menu

Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Экс-президент жумуштан кеткени менен Кыргызстандын саясатын калчагысы келип жатканы налицо!”

Бөлүшүү:

– Сабыр байке бир, эки жума жолугушпай кеттиңиз, окурмандар телефон чалып сурап да жатышат. Эки ортодо бир топ окуялар да болуп кетти. Ырас келипсиз, эми, баягы көнүмүшкө айланып бараткан “узун кепти” улайлы. Кандай дейсиз?

– Албетте. Ошон үчүн келип отурбаймынбы (күлдүк)

– Байке, мен кепти быйылкы сууктан, ТЭЦтеги жарылуудан, тендерсиз реконструкциядан баштайын деп жатам. Кытайдын ТВЕА компаниясына эмне үчүн ушундай артыкчылыктар берилген? Коңшу тажик туугандар ошончо каражатка жаңы ТЭЦ куруп, казак боордоштор Алматынын ТЭЦинде биздегидей реконструкцияга эки эсе аз акча каражатына жасатышканы айтылууда? Бул жерде чоң коррупциялык система бар экендиги айтылып, депутаттык комиссия түзүлдү? Ким жоопко тартылыш керек деп эсептейсиз?

– Бул тема боюнча ЖМКлар жетиштүү деңгээлде талкуу жүргүзүп, толгон-токой материалдар жарыяланды. Анын баарын айтып отурсак сенин гезитиңе батпайт. Мага кызыктуу болгон жерлерин айта кетейин. Экономика министирлиги а дегенде, ушу ТЭЦти реконструкциялоо маселесин көтөрүп коомчулукка тааныштырганда 150 млн. АКШ доллары керектелет деп эсептеп чыкканы маалым болду. Эксперттер бул 150 млн. доллар ал реконструкцияга катышкандар жеп- жута турган 20-30 пайыз коррупциялык схеманын баасын кошуп эсептешкендеги сан экенин айтышууда. Анан дагы 150 млн. кошсо эки эсе болуп атат, анан ал жетпегенсип дагы 86 млн кошуп, баш аягы 236 млн. долларды жөн эле, көтөн зордук менен кошуп, бөлүп жеп кеткендей болуп атпайбы. Эмне үчүн мынча каражатка башкалар бүтүн ТЭЦ куруп жатса биздики ушундай болуп калды. Депутат Кожобек Рысбаев “мен каршы чыгып, кой десем болбой койгон” деп ошо кездеги министр Осмонбек Артыкбаевге доомат артып жатат. Ошо министр, а кездеги премьер-министр өз алдынча ушундай опурталдуу ишке барышы мүмкүнбү? Алардын башы экөө эмес да. Ошо кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тар чөйрөдө, жогору жактан “ушу кытайлар менен гана түзөсүңөр” деген тикелей указание болгондугун каңкуулаганын эшиттик. Бул эмнени билдирет? Бул биздин өлкөдө түзүлүп калган порочный системаны айгинелейт. Биздин өкмөт тээ Акаев, Бакиев заманынан бери эле “козел отпущение” ролун аткарып, садага чабылып келе жатпайбы? Президенттер кылгылыктын баарын кылат, оозеки буйруктарды берет, “аткарбасаң кетирем”- деп коркутат, жаман иштерди жасатып байышат, анан былыгы көбөйүп баратканда, башкасын алмаштырып койо коюшат да, кууп чыкмайынча былык иштерин улантышат. Менин оюмча, экс-президент тикелей кийлигишпесе беркилер мынчалык чоң коррупциялык ишке бара алышмак эмес. Азыркы премьер-министрдин “күнөөлүлөрдү аныктайбыз, чара көрөбүз” дегени эч кандай ишеним жаратпайт. Себеби Сапар Исаков президенттин аппарат жетекчисинин орун басары катары кытайлардын кызыкчылыгын сүрөп жүргөндүгү айтылды. Анан өзүнүн көчүгүн өзү чукумак беле? Булар болгон аракетин “жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” дегенге жеткиргенге аракет кылып жатышат. Депутаттардын көбүнүн куйругунда “калбыры” болгондуктан алар чындыкка жетет деген ишеним жок. Анүстүнө Атамбаевдин койгон колу жок. Тикелей оозеки буйрукту да, сактанып, Сапар сыяктуулар, шоопуру сыяктуулар аркылуу берсе кантип далилдейсиң. Бул жерде тыкыр, принципиалдуулук менен изилдесе эле майнап чыкпаса… Анүчүн, ошо кездеги премьерди, министрди камакка алып, сурак жүргүзсө, анан аларга оозеки буйрук жеткизгенди камаса, ошондо анан жиптин учу экс-президентке жетүүсү мүмкүн. Ошондо гана, башка толгон токой коррупциялык иштердин бети ачылып, тазаланууга жол ачылат эле. Анда Алмазбек Атамбаевди экс статусунан ажыратып, соттого туура келет. Бирок андай иш биздин колдон келбейт, андай иштер улуу элдердин гана колунан келет. Мисаалы корейлер, еврейлер, европалыктар кеткендери эле эмес, кете электерин деле жоопко тартып, соттоп жатышат го? А, биз бүлдүрүп талкалап, кууп чыккандан башканы билбейбиз! Мыйзам чегинде жарга такап жоопко тартуу колубуздан келбейт! Манастын урпактарыбыз деп коёбуз! Маңкуртташып, Манастын торпоктору болуп калганыбыз менен ишибиз жок! Мына, экөө тоюп алып качып жүрөт, мунусу болсо “богума куурай сая албайсыңар, азыр кайтып келип, дагы көрбөгөндү көргөзөм” дегенсип турат.

– Эми соттолуп аткан саясатчылар Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров, Эрнест Карыбековдор тууралуу суроо бергим келип турат. Булардын кургак ачкачылык жасап башташканына сегиз күндөн ашып баратат. Сот залынан эсинен танып, ден-соолуктары начарлаганы айтылууда. Түрмө жетекчилери болсо “ачкачылык жарыялагандардын ден-соолугу канагатандыраарлык” деген билдирүү таркатты. Бул тирешүү эмне менен аякташы мүмкүн? Сиз ушул окуяга кандайча баа берер элеңиз?

– Баягы ыраматылык Шералы Назаркулов ачкачылык кармап отурганда барып жолугуп, суу ала барып сүйлөшкөм. Ошондо мен аны өлөт деп ойлогон эмесмин. Анан тилекке каршы, өзүңөр билесиңер, өлүп калды, байкуш! Ошондо да бийлик, “калп ачкачылык, билгизбей даам татып атышат” деп сайрап турган. Олгөндөн кийин да байкушту тим коюшпай, сойгон паталогоанатомдорду кыйнап, “ашказанында токочтун күкүмү бар экен” деп жаздырышканы эсимде. Азыр эми ошо окуялар кайталангандай болуп жатат, мага. Андыктан, аман эле калышсын байкуштар, бирок эмне менен аяктайт дегенге жообум жок. Муну айтыш кыйын. Эми азыр күчкө салып, укол менен тамактандырып жатканы айтылууда. Ал кандай таасир берет (?) белгисиз. Айтор жандары кашайган балдар катуу кетишти… Негизи кургак ачкачылык жаман, адам 7-10 күндөн ашык чыдабайт, суу ичип ачкачылык жасаганда 40 күнгө чейин жетээри тажырыйбадан белгилүү. Ошондуктан көктүккө салган болбойт. Күчкө салып, көчүгүнө клизма менен суу куйсаң да болбой калышы мүмкүн. Ачкачылык жасаган адам өзү коймоюнча болбойт го? Эми бул окуяга баа берүү боюнча… Эми бул балдар кыйын кырдаалда эл арасынан суурулуп чыккан, белгилүү, белдүү кыргыздын патриот жигиттери. Ошол эле Атамбаевди кыйың кезеңде колдоп, бирге жүргөн соратниктери. “Эл чайпалып, туруктуулук бузулса берки экөөндөй болуп куулуп кетемби” деген Алмазбек Атамбаев булардын телефондон сүйлөшкөн сөзүн шылтоо кылып каматкан. Анан туруктуулук орноп, мураскерин такка отургузгандан кийин бошотуп койсо эле туура болмок. Эми кылмышы далилденбегенине карабай эле соттоп жатышат. Сот системасынын кандай деңгээлде экенин бийлик өзү айтып жатат. Эл сотторго ишенбей калганы ачык айкын. Анан булар түңүлгөндөн улам, “жазганды көрдүк” деп кургак ачкачылык кадамына барып жатышпайбы. Экинчи жагынан булар отставкасын талап кылып жаткан Абдил Сегизбаев да артка кайта албайт. Анда өзү жооп беришке туура келип калат да. Менимче Абдил эле артка чегинсе болмок. Анткени эртеби-кечпи бул жигиттер баары бир акталат. Тарых актайт. Булардын бирөө жарымы мерт болсо, тарых алдында Атамбаев менен Сегизбаев күнөөлүү болот. Андан дагы Сегизбаев бул окуяны эки ирет кайталаган садист катары элдин эсинде калат. Себеби бүгүн Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыровду “калп ачкачылык” деп жаздырып атса, кечээ Акаевге жандооч кезинде Шералыны “билдирбей тамак жеп атат” деп жаздыртып жүргөнү унутулбайт. Ошондуктан, айрым калем кармап маалымат таркатып жүргөн кесиптештер кичине арыдан бери болушса. Ансыз да шорго малынып, азап чегип жаткандарды мазактагандан кумар деле канбайт болуш керек?

– Эми азыр сөздүн ылайыгы келип калды. Коомчулук ичинде Абдил Сегизбаевди Сапар Исаковдун ордуна премьер-министр болот экен деген маалымат таркады. Ушуну эшиттиңизби? Кандай дейсиз?

– Айтып атышат. Айтмак турмак сенин досторуң жазып да чыгышты го, колдоп. Эми бизде азыр эч нерсеге таң калууга деле болбой калды. Баягы Рим императору Калигула минген атын сенатор кылып шайлаткандай эле жорук. Сапарды алмаштырса көптөгөн былык иштер экинчи планга кетээри белгилүү болуп калды. Ошондуктан Атамбаев премьер- министрди кетирүүгө кызыкдар деген кептер чыгып жатат. “Абдилин бекитип берсек Сапарды кетирдик болуп рейтиңгибиз да көтөрүлө түшөт, анан Жогорку Кеңешти таркатам деген оюнан да кайтып кетиши мүмкүн” деген депутаттар “иттин уулу Байгараны” алып келсе деле 98 добуш менен бекитип беришеринде шек жок. Атамбаевдин куйруктарынан кутула албай жүргөн Сооронбай Жээнбеков деле “мейли УКМК бошосо кайра жакшы” деп, өз адамын дайындоого шашылат. Бирок Абдилди койоору чын болсо эртелеп чыгарып, мишень кылбайт эле го дейм да. Ошондуктан “абдил, абдил” деп туруп башкасын, маселен Кулматовду алып келиши деле толук мүмкүн. Анткени Абдил десе коомчулук быкый-чукуйду көп чыгарса такыр эле бет калбай калгандай жагдай түзүлүп, коомчулук иренжисе нааразычылык от алып кетиши толук мүмкүн. А Кулматовду болсо “бажы төлөмдөрүн көбөйтө баштады” деп пиар башташты эле, бажыдагы коррупциялар жазылып, айтылып, Кулматовдун мурунку бажыда иштегендеринен бери казып башташты. Андыктан азыр кандай болоорун болжолдоо да кыйын болуп калды. Иши кылып, экс-президент жумуштан кеткени менен таасирин жоготкусу келбей, Кыргызстандын саясатын дагы деле калчагысы келип жатканы орустар айтмакчы налицо! Айрыкча, коррупциялык иштер тууралуу сөздөр көбөйгөн сайын, кайтып келүү аракеттери ого бетер күч алышы мүмкүн. Себеби жооп берип калуу коркунучу бар. Же качып кетүүгө туура келет. Бийликтен ушу чыгып кеткени менен тынч калып өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгү бар эле. “Кайтып келем” дегени менен абалды курчутуп бара жаткандай. Эгер күчкө салып кайтып келсе, репрессияларды улантса, жанагы отузга жакын айыпсыз камалгандардын түбүнө жетсе эле иш бүтчүдөй көргөн жаңылыштык деп ойлойм. Анда сөзсүз түрдө берки эки качкын президенттин кейпин кийеери шексиз. Себеби гайканы тынымсыз эле бурай берүү мүмкүн эмес, бир күнү сайы жешилип, жулунуп кетет. Мурун, “элге тынчтык керек, эл үчүн камап атам” дегенине ишенип келген эл, эми былыктары ачылган сайын кыжырданып, чыдабай бир күнү сөзсүз көтөрүлүп, тарых кайта кайталанат. Ошондо кандай болот анан?

– Эми ушундай бийлик башында мыйзамсыздык, башаламандык, коррупция болуп атса, соттордун беспредели, репрессиялар уланып жатса жаңы шайланган президентибиз Сооронбай Жээнбеков эчтеңке көрбөгөн-билбегенсип отурганы кандай дейсиз? Коррупция менен айоосуз күрөшөм деди эле, өкмөттөгү, бажыдагы коррупция боюнча үн каткан жок. Шайлоо убагында айткан 35 коррупционерди жоопко тартаар түрү жок. Сот реформасын жасайм дейт да , соттордо болуп жаткан беспределге үн катпайт. “Мен камадым беле, Атамбаев камаган, мен эмнеге чыгарышым керек, эмне болушса ошо болушсун” дегенсип тымпыят. Эми ачкачылык жарыялагандардын бири жарымы мерт болсо эмне болот? Жаманаттысы жаңы президентке жукпай калабы?

– Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев достор гана эмес, партиялаштар да болуп жатпайбы. Жаңы президент азыр күчтөнө элек, парламентте жетиштүү колдоосу жок, колдоочулары КСДП болгондуктан жана ошондой эле президенттик шайлоо алдындагы “келишимдерге” байланып, экс-президенттин таасиринен чыга албай жаткандай. Аппарат башчысы, коопсуздук кызматы, прокурор, соттор, укук коргоо органдарынын баарында экс-президенттин адамдары курчап тургандан улам ал өз алдынчалык кадамдарга бара албай жатат. Таландыга каламбы (?) деп чечкиндүүлүк көрсөтө албай, ошонун айынан чечкинсиз катары бааланып, рейтинги туруксуз болуп жатканын көрүп турабыз. Мен өткөндө айттым эле го, “жүз күн өткөнчө сындабай коё туралы” деп. Бирок болбой эле, эрте эле сындар айтылып кетти. Жүйөөлүү сындар айтылып жатканын моюндабаска арга жок. Жоопкерчилик тууралуу… Президент сотторду дайындап кызматтан алып жаткандан кийин албетте сот адилеттүүлүгү үчүн качан да болсо жоопкер. “Мен кечээ эле келгем, мурунку чычып кетиптир” деген болбойт. Андан тышкары президенттин кечирим берүү укугу да бар, ошону колдонсо болот. Ал үчүн айыпталуучулар, соттолгондор арыз менен кайрылышы керек. Керек болсо, өзү көрүп-билип, байкап тургандан кийин башкача жолдор менен болсо да бул маселени чечүүгө аракет кылышы керек. Анткени эл көрүп турат, тигилердин күнөөсү тууралуу бир да конкреттүү далил жок. Айтор, кайдыгер карап турганы болбойт. Соке бул маселеге кийлигишип, ачкачылык жасагандарды бошотсо, керек болсо, Атамбаев менен Сегизбаевди да үйдөй балээден куткарган болот эле. Бир балээ болсо жоопкерчилик учурдагы мамлекет башчысында гана болот.

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: “Майдан. kg” гезити

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: