Menu

Жалал-Абад: аярлуу жарандар да экономикага салым кошуп жатат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын экономикасынын өнүгүшүнө шаардагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да активдүү салым кошуп жатышат. Көзү азиздердин жана дүлөйлөрдүн кыргыз коомунун Жалал-Абаддагы окуу-өндүрүштүк ишканасы өткөн жылы 13 миллион 784 миң сомдук продукция өндүрүү менен бекитилген планды 196,9 пайызга аткарган. Бул тууралуу шар мэриясынын аймактык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Аталган ишкананын жетекчиси Үсөнбай Печеловдун айтымында, ишкана мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдардын социалдык активдүү жашоого тартып, иш менен камсыз кылууга багытталган.

-Мында эмгектенгендер негизинен кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Биздин кызматкерлерибиз ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгени менен өтө аракетчил, өз иштерин убагында аткарып, кызыгуу менен иш алып барышат. Алардын аракети менен жыл сайын  өндүрүлгөн продукциянын көлөмү да жогорулап жатат. Бирок, канчалык аракет кылганыбыз менен жетишпестиктер да бар. Учурда окуу-өндүрүштүк ишкананын имараты эскиргендиктен, азыркы талапка жооп бербейт жана тигүү  техникаларыбыз учурда жетишсиз болууда, – дейт Ү. Печелов.

Эскерте кетсек, Көзү азиздердин жана дүлөйлөрдүн кыргыз коомунун окуу-өндүрүштүк ишканасын жамаатында 184 киши бар. Алардан  95и 1-топтогу көзү азиздер, 89у 3-топтогу угуу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Ал эми 42си иш менен камсыз болушкан. Алар Жалал-Абад областындагы мекеме-ишканалар үчүн эмеректерди, журкан-төшөктөрдү даярдап келет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: