Menu

Айгерим Акылбекова, алып баруучу: “Жолдошум Эркинге жапжаш кыздар, атүгүл мектеп окуучуларынан бери кат жазышат…”

Бөлүшүү:

«Азаттык+» жаштар берүүсү аркылуу баарыбыз билген алып баруучу Айгерим АКЫЛБЕКОВА бүгүн биздин коногубуз. Айгерим жолдошу НТСтин «Таң шоола» берүүсүнүн алып баруучусу Эркин Нурбаев экөө ымыркайлуу болуп, ошону менен бирге ишин да, үй-бүлөсүн да карап, өзүн өзү өнүктүрүүгө да убакыт тапкан, тыпылдаган кыйын журналист кыздарыбыздын бири.

 –Айгерим катуу суук өттү. Кыш мезгилинде күндөрүң кандай өтүүдө?

–Өтө суук болгон күндөр демалышка туура келип, балам менен эле үйдө болдум. Ал гана эмес, дүкөнгө да барганым жок. Үйдү жылуулап, баламды оорутпаганга аракет кылдым. Калган күндөрү адаттагыдай эле иште болдум. Биринчи өтө суук 26-январда болуш керек. “Үшүп жатасыңарбы?” деп сурамжылоо жүргүзүп жатып, өзүм да үшүп калыптырмын. Кичине сыркоолоп да калдым. Кеңсени жылууласак да муздак болуп, аба ырайы бир аз катаалдыгын көрсөтүп койду.

–Кичинекейиңер чоңойуп калдыбы, кандай кылыктары чыгууда?

–Азыр беш ай болуп калды. Биринчи балам болгон үчүнбү, мен ага эмес, ал мага үйрөтүп жаткандай сезилет. Кадимкидей ыраазычылык билдиргенди, кээде карап күлүп койсом кубанганы, мага болгон мээрими да башкача сезилет. Анын үстүнө балам үч айлык кезинде эле ишке чыгып кеткендиктен, түшкө маал баламды эмизгени үйгө барам. Мен барганда буттарын тыбырчылатып, күлүп-жайнап тосуп алат. Кээде мен кетип баратсам кадимкидей ээрчийт. Ал кылыктарын көрүп алып эле ичим жылып, эрип, эзилип турам. “Ата, апа” деп айттырууга үйрөтүп жатабыз. Кичинекей болсо деле тез эле чоңойткум келе берет. Анын ар бир кылыктарын, күлгөнүн көрүп ырахаттануу менен жашап жаткан мезгилим десем болот.

–Иште кандай көйгөйлөрдү, темаларды алып чыгуудасың?

–“Азаттыкта” мурда жаштар берүүсүн даярдачумун. Жаштар көйгөйүн чагылдырып. Азыр көбүнчө социалдык темаларга ыктап калдым. Адам тагдыры, адамдын укуктары мен чагылдырган темалар. Жумушумда абдан чоң өзгөрүүлөр деле жок. Күнүмдүк эле бир калыптагы көрүнүштөр, радиого, телеге берүүлөрдү даярдап жүрөм. Кош бойлуу кезимде, даректүү тасма тартуу боюнча сабак алгам. Буйруса даректүу тасма тартуу максатым бар. Азыр бала менен кичине үлгүрбөй жаткан учурум. Бала менен, үй тирилигин, жумушумду бирге алып кетүү кичине оорураак болууда. Кызым кичине чоңойуп калса, даректүү тасма тартып, автордук берүү алып чыгууга оюм бар.

 –“Эрди катын урушат, эси кеткен болушат” деген макал бар эмеспи. Талаш-тартыш болобу? Канча күнгө чейин коркутушмай?..

–Кыз жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбуздө көбүнчө Эркинден биринчи кадамды күтчүмүн. Аял киши катары назиктигимди билдирип, каадаланып, кылыктанып дегендей. “Ал кечирим сурасын, ал айтсын” деген таризде болчу. Кош бойлуу кезимде деле эркеледим. Эркелетти. Кээде талаш жаралып, теле жаатындабы же сасый окуяданбы, же музыка чөйрөсүндө, айтор, кайсы бир жаңылык жакса талашып кетишибиз мүмкүн. Экөөбүздүн эки башкача көз караштарыбыз бар. Эркин эркектикке салып, “мен сенин күйөөңмүн да, мен айткандай кылбайсыңбы?” деп тырчып калат. Мен болсо “эки башка инсан катары өнүгөлү” деген ойдомун. Көп учурда Эркин эркектикке салып көгөрүп туруп алат. Азыр көп учурда кызыбыз Элести карап, Элес үчүн сүйлөшүп, унутуп кетебиз. Бири-бирибизден “кечирип койчу” деп сурануу дээрлик болбойт.

 –Экөөңөр тең эл адамысыңар, үй-бүлөгө убакыт бөлүү кенен элеби?

–Үй-бүлөгө убакыт бөлүү абдан аз. Себеби, мен эртеден кечке жумуштамын. Эркин болсо, тескерисинче, кечинде жумушка кетет. Ал түндө келгенде уйкусуроо менен сүйлөшпөсөм… дээрлик бош убактыбыз болбойт. Ал дагы көп жаны долбоорлор менен, кино тармагы менен алпурушуп жүрөт.

 –Бири-бириңерге кызганыч сезимдери кандай?

–“Кызганыч сезимдери жок” деп айтсам жаңылышпайм. Экөөбүз тең бири-бирибиздин жумушубузду дээрлик түшүнөбүз. Аны жумушунда, чырайлуу жаш кыздар курчап жүрөт. Эл алдында жүргөн адам. Мен деле кеңседе отура бербейм. Мырзалар менен иштешүүгө туура келген учурлар көп. Кээде Эркиндин кызы, жубайы бар экенине карабай жапжаш кыздар, атыгүл мектеп окуучулары кат жазып калышат. Мындай кептерге, айрыкча декретте отурган учурда капаланчумун. Кыз кишилерди кээде түшүнбөй кетем. Кыздарда аялдык тилектештик жок экендигине ынандым. Бул мени кейитет. Анткени үй-бүлөсү бар адамга одоно сөздөрдү жазгандары таңгалдырат. Азыр убактым да жок, мындай нерселерге көңүл деле бурбай калдым.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: