Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володинге жана Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенкого Москва-Орск каттамындагы жүргүнчү ташуучу AN-148 учагынын кырсыкка учураганына байланыштуу көңүл айтты.
Анда мындай деп айтылат:
“Москва облусунда көп адамдардын өлүмү менен коштолгон учак кырсыгы тууралуу үрөй учурган кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам”.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ