Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин талкуулады.
Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, Кыргыз Республикасы көптөгөн тармактагы, анын ичинде Индия бай тажрыйбага ээ болгон саламаттыкты сактоо жана туризм жаатындагыкызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар.
Өз кезегинде Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Кыргыз Республикасына жасаган сапары эсинде калгандыгын жана эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин дыкаат талкуулоого даярдыгын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ