Menu

Фото – Премьер-министр Сапар Исаков Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 11-февралда, Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр менен жолугушту.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан жана БАЭ ортосунда достук жана өз ара түшүнүшүү принциптерине негизделген тыгыз жана контруктивдүү мамилелер орногон. Мындан тышкары, анын айтымында, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугу ортосунда узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелери чыңдалууда.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бириккен Араб Эмираты менен экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана келечекте бардык тармактагы кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр. Буга байланыштуу биз үчүн бүгүнкү жолугушуу өзгөчө мааниге ээ», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан ыңгайлуу географиялык жайгашуусуна жараша чет элдик ишкерлер үчүн жагымдуу инвестициялык абалга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Өз кезегинде Дубайдын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр ишкер мамилелердин өнүгүүсүнө мурда жетишилген макулдашуулардын бекем пайдубалы көмөк көрсөткөндүгүн белгиледи.

«Биз беш жыл бою Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташуудабыз. Буга Бириккен Араб Эмираттарынын Премьер-министри жана вице-президенти Мохаммед бин Аль-Мактумдун колдоосу түрткү берүдө. Биз өнөктөштөр менен достук жана экономикалык мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө умтулуудабыз», – деди Мажид Саиф Аль-Гурейр.

Ал белгилегендей, БАЭ Кыргызстан менен ар кыл багыттагы мамилелерди жайгарууга ниеттенет. 2019-жылы Дубайдын Соода-өнөр жай палатасы Дубай шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин катышуусунда конференция өткөрүүнү пландаштырууда, буга байланыштуу кыргыз тарап аталган иш-чарага катышууга чакырылды.

Өз кезегинде Сапар Исаков 2017-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү стабилизация режими тууралуу Жобону бекиткендигин билдирди.

Аталган режим Кыргыз Республикасынын экономикасына 3 жыл ичинде 3 млн АКШ долларынан кем эмес салым кошкон инвесторго 10 жыл бою салык мыйзамындагы өзгөртүүлөргө карабастан, бир салыктык режимден пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Инвесторлордун Кыргыз Республикасында ыңгайлуу жүрүүсү үчүн шарттарды түзүү максатында, инвестициялык виза алуу үчүн өлкө экономикасына салымдын босого суммасынын өлчөмү 500 миң АКШ долларынан 145 миң АКШ долларына дейре төмөндөтүлгөн, визалардын жаңы – «Үй бүлөлүк» категориясы киргизилген, ага ылайык, инвестордун үй-бүлө мүчөлөрүнө визаны тоскоолдуксуз алуу мүмкүндүгү берилет. Мында Кыргыз Республикасыны мыйзамдарына ылайык, Бириккен Араб Эмиратынын жарандары визалык талаптардан бошотулган.

Жолугушуу соңунда Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү транспорттук коммуникация, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү, тамак-аш жана жеңил өнөр жай тармагындагы биргелешекен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда эмираттык компанияларды кубаттаарын белгиледи.

«Эмираттар Кыргызстандын булуң аймагындагы гана эмес, жалпы араб дүйнөсүндөгү башкы соода өнөктөшү», – деп белгиледи Премьер-министр.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: