Menu

Токтосун Мадияров, коомдук ишмер: “Таарынуу, өч алуу менен биз Кыргызстанды өнүктүрө албайбыз”

Бөлүшүү:

— Токтосун мырза, “коррупциянын натыйжасы менен эмес, себептери менен күрөшүү керек” деп көп айтылат. “Себептери менен күрөшүү” дегенди сиз кандай түшүнөсүз?

— Биз 90-жылдан баштап социализм доорунан кайра капитализм дооруна өттүк. Капитализмдин өзүнүн мыйзамдары бар. Ал аябай ташбоор мыйзамдар. Эң негизги мыйзамы – бул пайда табуу. Ошондой болгон соң ар бир тармакта адегенде көзгө көрүнбөгөн, бирок, кийин чоң масштабга чыгып кеткен коррупция пайда болот экен. Бажыда, мамлекеттик каттоо системасында, энергетика, жол, айтор, бүт системада пайда боло турган нерсе. Аны менен күрөшүү үчүн биринчи кезекте алдын ала түзүлгөн программалар, “момундай жол менен кетсек коррупция пайда болбойт” деген атайын жоболор болуш керек. Биз коррупциянын беренелерин өтө катуу коюп койгонбуз. Бөлөк өлкөлөрдө, мисалы, Россияда жылына эки жолу акчасын төлөп бергендерди бошотуп коюп жатат. Анткени, коррупцияга каршы күрөшүүнүн максаты – келтирилген зыяндын ордун толтуруп, уурдалган акчаны кайра төлөтүү да. Ошон үчүн бизде да коррупция боюнча беренелерди жумшартып, экономикалык жактан жазалоо чараларын ойлонуш  керек. Эгер такыр эле болбой, системалык жолго түшүп алса, анда эркинен ажырата турган беренелерди колдонсо болот. Антпесек, бүгүн коррупция менен күрөшүүнүн натыйжаларын көрүп атпайбызбы. Адамдарга туура тарбия бергендин ордуна моралдык чоң кыйынчылыктарга дуушар кылып койгон учурлар болууда.

Жеңилдеткенде коррупция ого бетер күчөп кетпейби?

— Бүгүнкү күндө кандай өсүштөр, кандай өзгөрүүлөр болуп жатат? Жакында эле интернетке чыкты, “20 жылдан кийин кээ бир өлкөлөрдө айдоочулар болбойт экен, жалаң роботтор иштеп калат” дейт. Демек, адам алдыга умтулган жагын ойлош керек да. “Жок, мындай болуп калсачы…” дей берсек, жылыш болбойт. Маданияты өнүкмөйүнчө бизнес өзүнөн өзү жүрүп кетпейт экен. 1990-жылдардагы бизнес менен азыркыны салыштырсак, айырмасы асман менен жердей. Ал кездерде адамдардын бири-бирине аласа-бересеси 80-90 пайыз болсо, бүгүн көп болсо 20-30 пайызды эле түзөт. Бүгүн бизнес турукташып, биринчи кезекте акчасын төлөп, пайдасын таап оокат кылып жатат. Менин ыраазы болгонум, бүгүнкү күндө жаштарыбыз өстү, өзгөрдү, көбү ичкилик ичпей, туура жолдо баратышат.

— Жаштардын мамлекетти башкарууга улам көп тартылып жатканын туура көрөсүзбү?

— Чындыгында тажрыйба жыл өткөн сайын келет экен да. Ошон үчүн тажрыйбалуу адамдарды кошо ала жүрүш керек. Антпесе, жалаң эле жаштык менен, курчтук менен көп кемчиликтерди кетирип, мамлекетти оңдой алгыс абалга алып барып коюшубуз мүмкүн. Биздин дагы бир кемчилигибиз, мамлекеттик эң жогорку, айталы, премьер-министрлик кызматка жеткен кишилер да иштен түшөөр замат эле коомго кереги жок болуп, ишсиз калганы мени аябай өкүндүрөт. Японияда ар бир кеткен премьер-министр же өкмөт башчыга, же чоң-чоң компания, корпорациялардын жетекчилерине кеңешчи болуп, тажрыйбасын бөлүшкөнгө мүмкүнчүлүк алат экен. А бизде иштен алынаар замат эч кимге керексиз болуп калат дагы, эртеси бөлөкчө сүйлөп, оппозицияга кошулуп кетет. Өзүн туура эмес жакта пайдаланып жүргөн жөндөмдүү адамдарыбыз көп. Ушул жагын ойлош керек да. Кытайда да жогорку жетекчиликте иштеген кишилер кийин бүтүндөй бир региондорго куратор кылып бекитилет. А биз болсо баарыбыз эле таарынычтын үстүндө жашаган эл болуп калдык. Таарынуу, өч алуу менен биз Кыргызстанды өнүктүрө албайбыз.

Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: