Menu

Каныбек Иманалиев, “Ата Мекен” фракциясынан ЖК депутаты: “Дастан Жумабеков төрагалык даражага чоң шек жаратты”

Бөлүшүү:

— Каныбек мырза, сиз Жогорку Кеңештин ортурумунда спикер Дастан Жумабековдун дарегине бир топ сындарды айттыңыз. Төраганын сизге эмнеси жакпай калды?

— Саясатта баары болот экен, Ахматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков төрага кезинде бир топ депутатарга кылмыш иштери козголуп, УКМКнын СИЗОсунда отуруп калышкан. Ошондо Келдибеков, Жээнбеков, Турсунбеков баш болуп барышчу эле. Бул адамгерчилик да, анүстүнө “депутаттын укугун коргош керек” деп регламентте да жазылган. Себеби, сот аларды күнөөлүү катары таба элек. Бирок, Дастан Жумабеков өзүнүн партиялашы, партиясынын лидери Канатбек Исаевдин алын сурап бардыбы-барбадыбы, мен билбейт экенмин. Баргандан коркуш керекпи? Анүчүн эч ким төралыктан алып салбайт да.

— Негизги талаш-тартыштар өкмөттүн ишмердигине байланыштуу жаралды го?

— Өкмөттү сөзсүз колдош керек, эгер жакшы иш кылып атса. Бирок, кечээки ТЭЦтеги авария – бул түздөн-түз шалаакылык. Биз “өкмөттү кетирели” деген жокпуз. Бирок, спикер жети-сегиз жолу премьер-министрди колдогондугу – бул мамлекеттик позиция эмес да. Биз “премьер-министрди колдойлу” деп келген эмеспиз. Биз “шайлоочуларды колдойлу” деп келгенбиз. Өкмөткө сын пикир айткан беш депутат болсо, бешөөнүн тең сөзүн бөлүп, бешөөнө тең комментарий берүү – бул төраганын даражасына чоң шек жараткандык. Мен муну кесиптеш, пикирлеш  катары, мүмкүн Жогорку Кеңештин беделин көтөрүү катары айтып жатам. Бир жарым, эки айда беш жолу Конституция бузулуптур. Вице-премьер Зилалиев келип, вице-премьер Кенекеевди сунуштап атат. Вице-премьер Шадиев келип, вице-премьер Муканбетовду сунуштап атат. Конституциянын 87-беренесинде “премьер-министр өзү келсин” деп түздөн-түз жазылган. Анан жанагы “Евразия Бажы кодексинин датасын өзгөрткөн жокпуз” деп 3-январда чогулдук. Уят болдук КМШга. Бул парламенттин күнөөсү, анын ичинде жетекчи катары төраганын дагы. Андан кийин Кулматовду ишинен кетирбей туруп, дээрлик эки жума кызматта болду. Конституциялык эң бийик орган – Улуттук банктан кетирбей туруп, Жогорку Кеңештин макулдугу жок кантип премьер-министр дайындайт? Бул уят! Эмне үчүн дүйнөдө эки палата бар? Бир палата кетирип койгон кемчиликти экинчи палата оңдойт. Бизде андай болбогондон кийин, биринчи окуу менен экинчи окууга чейин сөзсүз он күн өтүшү керек. Он күндүн ичинде эмоция таркайт, катасы көрүнөт. Бир комитет көрбөгөндү экинчи комитет көрөт. Биз залда отуруп эле “ура” деп төрага баш болуп бюджетти бир күндө кабыл алып койдук. Бул эмне деген цифралар?! Эртең эле катасы чыгышы мүмкүн. Андан бөлөк ратификациялар “ура” менен кабыл алынып жатты. Мисалы, комитеттин төрагасы айтып атпайбы, “ТВЕА ТЭОсу жок кабыл алынган” деп. Азыр деле “Акылдуу шаар” долбоору ТЭОсу жок кабыл алынууда. Тажикстанда бир кесилиш 220 миң долларга жасалса, Кыргызстанда ушул эле фирма 500 миң долларга айланып атат. Алардын көчөлөрү деле биздей эле да. Аныгында, бул жакта дагы коррупциялык элементтер жокпу? ТВЕАдагы текшерүү бүткөнчө муну коё турушу керек эле.

Кечээ премьер-министр “комиссияны мага түзөлү” дейт. Өкмөт башчысынын алдындагы депутаттык комиссия болбойт. Депутаттык комиссия өкмөткө баа берет. Аны угуп отуруп эмне үчүн төрага ага комментарий бербейт? Айтышы керек болчу да. “Сиз депутаттардын ишине кийлигишпеңиз, сизге баа берчү комиссияны биз чечебиз” деши керек болчу. Мен ошону айтсам, кайра мага комментарий берип жатат. Беш депутат: Масалиев, Жамалдинов, Бокоев, Зулушев жана мен   сындадык да. Бешөөбүздү тең жарыш сөзгө, талкууга катыштырбай койду. Бул парламентке аброй алып келбейт. Спикер азыр жаш, мүмкүн тажрыйба керектир. Бирок, ага билим эмес, саясый эрк керек. Парламентте саясый көз карашы эркин депутаттар көп, анүчүн спикер калыс болуп, сөз бериш керек ошолорго. Асылбек Шарипович деле, Чыныбай Акунович деле өкмөттү колдогон учурунда, бирок, алар сын пикир айткан депутатка дагы, өкмөттүн позициясын колдогон депутатка дагы калыс мамиле кылышчу. Арбитр болчу. Төрага ошондой болуу керек. Ошондо калыстык болот.

Ушундан улам азыркы спикер бул орунга кокусунан келип калган адам катары тыянак чыгарса болобу?

— Эми ар бир депутат өзүнчө тыянак чыгарат, бирок спикер парламенттин интеллектуалдык, моралдык жана саясый лидери болуш керек да.

Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: