Menu

Өзбекстандын атайын кызматында “тазалоо” жүрүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматы менен анын айрым кызматкерлерин кайрадан сынга алды. Бул тууралуу ал Сурхандарыя облусунун активисттери менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Мен УККнын төрагасынын үч орун басарын иштен алдым. Кечээ алардын экөөнүн арызына кол койдум. Алардын бири силерде дагы иштеген – Ташпулатов, ал – ит, ууру. Мен начар кишилерди билем. Баарын өз ордуна отургузам, муну билгиле. Акимдин төрт өкүлү – менин өкүлдөрүм. Мурдагы учур өттү. Аларга кызмат атасынан калган эмес. Силердин облуста иштеп кеткендердин бири мекен саткыны. Ал уятсыздын аты Гулямов. Бирок бул жерде анын тамырлары бар. Ошондуктан Ташкентте анын тамырын иликтеп, кайра келип баарын кызматтан алдым», – деди президент Шавкат Мирзиёев.

Мирзиёевдин билдирүүсүнөн 11 күн өткөндөн кийин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Рустам Иноятов иштен алынган.

Атайын кызматтын подполковниктеринин бири учурда органда “тазалоо” жүрүп жатканын айтты.

31-январда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматын сынга алып, түзүмдү кайра карап чыгууну сунуштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: