Menu

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: “Атамбаев КСДПчы депутаттардын колдоосуна муктаж эмес”

Бөлүшүү:

Эл көзүнөн алыстай түшкөн айтылуу Мээрбек мырза менен байланышып, соңку окуялар, өзүнө карата айтылып келген сындар боюнча баарлаштык.

 — Мээрбек мырза, 7-апрель революциясында окко учкан 90го жакын мекендешибизден сырткары, андагы жарадар болгондордун канчасы көз жумду? Көздөрү өтүп кеткен мекендештерибиз менен операцияга муктаж революционерлердин каржылык муктаждыктары кандай болуп жатат? Бийлик өкүлдөрү силердин араңардагы андай мүчөлөрүңөрдөн кабар алып жатышабы?

— 2010-жылдагы 7-апрель революциясында 87 эр азаматтарыбыз бакиевдердин бийлиги тарабынан окко учушса, андан бери быйыл 8 жылга жакындаган мезгилде ошол окуяда жарадар болушкан 45 жигитибиз алган оор жаракаттарынан айынан бул дүйнөдөн өтүп кетишти. Учурда да арабызда андагы окуядагы алган жарааттарынан улам ооругандар көп. Алардын көпчүлүгү ооруса да билгизишпей, “7-апрель революциясынын тилектери ишке ашса экен” деп күн кечирип жүрүшөт. Арабызда ушундай эр азаматтарыбыз бар үчүн өлкөбүз сакталып келе жатат да. Биздин арабыздагы бул жарыкчылыктан көз жумушкан мүчөлөрүбүздүн үй-бүлөлөрү, айрыкча бала-бакыралары кийин “биздин аталарыбыз өлкөбүздүн өзгөрүшү, өсүп-өнүгүшү үчүн көз жумушкан” деп сыймыктануу менен айта алышат. Ал эми окко учкан жана жарадар болушкан мүчөлөрүбүзгө жардам берип, артында калган балдарынын башынан сылашты мындай кой, биздин арабыздагы абалдан 2010-жылдагы 7-апрель революциясынын шарапаты менен бийликке келишкен андагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кабар алганга жарашкан жок. Бир гана биздин арабыздагы көз жумган жарандарыбыздын үй-бүлөлөрү менен жарадар болгон мүчөлөрүбүздөн экс-президентибиз Алмазбек Шаршенович 8 жылдан бери үзбөй кабар алып турат. Арабыздагы жарадар мүчөлөрүбүз көз жумган сайын өздүк эсебинен 100 миң сомдон жардам берет. 7-апрелде жаракат алган мүчөлөрүбүздүн ушул кезге чейинки оор операцияларына, дары-дармектерине Алмазбек Шаршенович мамлекеттин эсебинен 1 сом бөлдүрбөй, баардык чыгымды жеке каражатынан көтөрүп келет. 7-апрель революциясынын айынан окко учкан мекендештерибиздин балдарын ар жылы Ысык-Көлгө эс алдырып келүү жагын да ишке ашырып, баардык чыгымды өзү колго алып келет. Бул жагынан биз Алмазбек Шаршеновичке абдан ыраазыбыз. Тээ бакиевдердин доорунда эле биз Алмазбек Атамбаевди колдоп келгенбиз. Кечээ да колдодук, бүгүн да колдойбуз! Жеке өзүм дагы Атамбаевди эртең дагы, келечекте, алтургай кийин пенсияга чыкканда да колдойм. Мен Атамбаевди колдогонумду өмүр бою сыймыктануу менен айта алам! Ал эми берки Убактылуу өкмөттүн калган мүчөлөрү аман эле болушсун!

— Коомчулукта буга чейинки сиздин ар бир кадамыңыз негедир ызы-чуулуу сындар менен коштолуп турду. “Депутаттыктан кеткенден кийин тынчыйбы?” десек, ири “Мегаком” компаниясынын төрагасынын кеңешчиси болуп алдыңыз эле, ал жерден да сизге карата сөздөр токтободу.  “Маалыматтык технологиялар өнүккөн ушул заманда Мискенбаев “Мегакомго” кантип кеңеш айтат? Анан калса көп суммадагы айлык алат экен” деп чыгышты. Андай сынчыларга сиздин да жообуңуз бар да?..

— Кыргыз эли тээ табиятыбыздан сын такканга жана сын айтканга жакын эл экенбиз. Бизде ар ким өз ишин билмей жок. Үстөккө-босток гана сын айтканга, көралбастыкка машпыз. Эгерде мага карата сенин соболуңдагыдай сындап жатышкандар өздөрү кыйын болушса, мен сыяктуу депутат болуп алышпайт беле? “Мегаком” сыяктуу ири компаниянын жетекчисине кеңешчи болушпайбы, андай эле кыйын болуп кетишсе. Мени сындап жаткандарды жакшы билем. Бакиевдердин доорунда Жаныш Бакиев деген жалаңкычты айга-күнгө теңешип, алардын оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрүшпөдү беле? Туура, “Мегаком” компаниясынын төрагасынын кеңешчиси экеним ырас. Биздин компанияда бүгүн бир эле мен эмес, кеңешчилер көп. Маселен, мен өзүм компаниянын ичинде жоопкер болгон бөлүмүм бар. Ал жерде колуман келишинче иштерди аткарып жатам. Депутаттыктан кетип, “Мегакомго” барып иштеп жатсам да айтылуу Өмүрбек Текебаев баштаган айрымдар мени “Мискенбаев ири компанияда иштеп, көп суммадагы айлык алып жатыптыр” деп сындап чыгышты. Учурунда бакылдап, азыр өчүп калган саясатчылар сымал 7-апрелде аянтта эл окко учуп жатса, “Мегаком” компаниясын айланасындагы жөө-жалаңдаган казак-кыргыз жигиттерин чогулта калып, басып алган жокмун да, чынбы? Мен бүгүн аталган компанияда адал эмгек кылып, өз үлүшүмдү алып жашап жатам. Мына ошол мени сындап жаткан Текебаев бүгүн түрмөдө. Албетте, мен аны бүгүнкүдөй жыгылган шартта тепкилеп, тебелегим келбейт. Мен жигитмин! Кээде таңгалам, ушундай сын айтып, бийликти жамандап, Атамбаевге ыгы келсе-келбесе да сын айткандардын кебине ишенген, деңгээлибиз ушундай пастыкка түшүп кеткен заман болуп калды. Бирок, биз ак-караны ажырата билишибиз керек да.

— Бүгүнкү бийликке сын айтып, каш кайтарган оппозициябызга сиздин бааңыз кандай? Оппозициядан туруктуу көз карашы менен позициясы бар, “Мен макул эмесмин” аттуу кыймылынын ээси Адахан Мадумаровду бир беткей жолдо келатканын колдоп чыккандар да болууда. Дегеле бизде азыр оппозиция барбы?

— Ошол эле Адахан Мадумаровду мен оппозиционер катары деле айта албайм. Адахан жөн гана реваншист. Азыр бийликке карата бетиңди титиретип, көзүңдү кызартып, заарыңды чачып сын айткандарды элибиз “оппозиционер” деген көз карашта карап калышты. Адахан саясый майданда сүйлөп баштаганда мен 10 жаштагы бала болчумун. Азыр үйлөнүп, үч баланын атасы болдум. Ошол мен 10 жаштагы Адахан Мадумаров дагы деле ошол боюнча келе жатат. Чачы агарганы гана болбосо баягы эле Адахан. Айттым го, Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаров мен 10 жаштагы кезимде эле саясый майданда жүрүшчү. Азыр деле ошол боюнча келатышат. Ушуларды саясый талаадан сүрүп, бийликти жамандаган “ит оорудан” арылткан, прагматикалык деңгээлде ой жүгүртүп, туруктуу, колдоого алчу программасын сунуштап, айтып чыккан жаңы жүздөр чыкса жакшы болот эле.

— Бүгүн айрымдар сиз экөөбүз колдоп келген Алмазбек Атамбаевге карата “туруктуу колдоочулары жок, парламенттеги “балык ооз” командасы кыйын кезеңдерде тирөөч болгонго жарабай, экс-президенттин душмандарына көпчүлүгү татыктуу жооп бере алышпайт” дегендей сындарын токуп жүрүшөт. Сиз ушундай сындар менен макулсузбу?

— Алмазбек Атамбаевдин колдоочулары парламентте отурушкан КСДПчы депутаттар эле эмес, аны жалпы эл колдойт! Кана өзүң айтчы, кайсы саясатчыны эл колдойт? Ошол эле тилин сайраткан Адахан Мадумаровдубу? Же Өмүрбек Текебаевдиби? Мен Текебаев камалганга чейин эле аны эл колдобосун, “камакка алынса ашып кетсе 10 киши колдоп чыгаар, башка туруктуу колдоочулары деле жок” деп айтып келгем. Менин мындай пикирим менен айрымдар макул болбой, жокко чыгарып, жандалбастагандарычы? Акыры көрдүк, менин анализим туура эле чыкты го? Анткени, мен алар менен парламентте туура бир жыл иштеп, кимдин ким экенин ичтен билип, көрдүм да. Андыктан, Алмазбек Атамбаев парламенттеги КСДПчы депутаттардын колдоосуна муктаж эмес. Атамбаевге карата мына бизге, сага окшогон карапайым элдин колдоосу арбын. Бир дагы саясатчыны эл Атамбаевди колдогондой колдогон эмес. Так-что, лидерибизди эл буга чейин да колдоп келген, эртең дагы колдойт, бүрсүгүнү да колдоп алышарына бөркүмдөй ишенем. Анткени, кыргыз элине Алмазбек Шаршеновичтин эмгеги бар. Менин мындай пикиримди эртең сындап, чуулдатып чыкчулар да болот. Буга ишенип эле турам. Бир чындыкты айталы, Акаев менен Бакиевдин доорунда башын канжыгага байлап, болгон мал-мүлкүн сарптап эки бийлик менен Атамбаевчелик ким күрөштү эле? Эми жаңы заманды алып келип, баарын даяр кылып койгондон кийин биз бирөөнүн эмгегине сын айтып, жокко чыгарышыбыз керекпи? Биз өткөнгө да сереп салып, туура анализ кылганды, акты ак катары айтканды үйрөнөлү да, туурабы? Бир нерсени баса белгилеп коёюн, Кыргызстанда революция кыла алчу бир эле адам бар, ал – Алмазбек Атамбаев! Ушул киши гана мамлекетти өзгөртө алды. Мындан кийин да өзгөртө алат. Анткени, бул кишини элибиздин 80%ы колдойт. Бул ачуу чындык. Азыр бизде саясатчы сөрөйлөр көп, чыныгы саясатчы бирөө гана. Ал – Алмазбек Атамбаев. Мен мындай кебимди жашырбастан, сыймыктануу менен айта алам!

— Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов менен сиз жакшы алакада экениңизди айтышат. Ал киши менен азыр да байланышып турасызбы? Учурдагы мамилеңиздер кандай?

— Фарид Ниязов 2010-жылдагы 7-апрель революциясында окко учкан жарандарыбыз боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы. Башта айтканымдай, арабыздагы жарадар жигиттерибиздин дары-дармеги жана айрым көздөрү өтүп кеткен мүчөлөрүбүз боюнча иш тууралуу жолугуп турабыз. Биздин кандай гана көйгөйлүү маселебиз болбосун, алардын баарын чечүүнү Алмазбек Шаршенович Фарид Ниязовго дайындаган. Ошондон улам да байланышып турабыз. Ортодогу мамиле иш боюнча гана.

— Айрым саясый серепчилер президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамилени ашып кетсе бир жылга гана жетерин айтышууда. Эгерде эки достун ортосунда чындап жарака кете турган болсо, “Айкөл Ала-Тоо” коому Алмазбек Шаршенович тарапта болосуңарбы же Сооронбай Жээнбековдун жээгине ыктайсыңарбы?

— Азыркы президент Сооронбай Жээнбековго шайлоодо добушту элибиз Алмазбек Атамбаевди колдогону үчүн беришти. Андыктан, Сооронбай Шариповчтин башы экөө эмес да, Атамбаевге каршы чыккыдай. Экөөнүн ортосунда талаша тургандай деле эч нерсе жок. Анткени, экөө тең алкынып, жутунбаган, мамлекет үчүн иш кылууга ниеттенген сыпаа жетекчилерден. Анан калса экөө тээ 25 жылдан бери достук мамиледе келе жатышкан, кыйын кырдаалдарда бири-бирине арка-жөлөк болуп келишкен да. Булардын ортосуна баягы эле интригандар менен сынчылар “от жагууга” маш болушпаса, негизи экөөнүн мамилеси эң сонун. Андыктан, “Кыргыз көчү” жолун улай берет. Алмазбек Шаршенович чапкан арыкты улашыбыз керек. Бул жагынан өлбөгөн жерде калам, эскертип коеюн! 2010-жылдагы 7-апрелде каза болгон балдарыбыздын асыл ой-тилек, максаттарын ишке ашырышыбыз зарыл.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ         

Булак: Азия Ньюс             

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: