Menu

Фото – Премьер-министр Сапар Исаков «Air Arabia» авиакомпаниясынын жетекчилигин Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго катышууга чакырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында «Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али менен жолугушуу өткөрдү, анын жүрүшүндө тараптар авиация тармагындагы кызматташтык мүмкүндүгүн талкуулашты.

Премьер-министр Сапар Исаков «Air Arabia» авиакомпаниясынын башчысына өлкөбүздүн ыңгайлуу географиялык жайгашуусуна жараша Кыргыз Республикасы аркылуу жаңы авиакаттамдарды ачуу мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде «Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору Адель Абдулла Али кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.

«Air Arabia» компаниясы араб дүйнөсү жана Кыргыз Республикасы ортосунда дагы бир көпүрө болуп берүүгө даяр. Учурда биздин учактар дүйнөнүн 140 аэропортуна катташат жана биз Бишкек шаары 141-аба тилкеси болуп калаарына ишеним билдиребиз», – деди Адель Абдулла Али.

Жолугушуу учурунда Премьер-министр Сапар Исаков өлкөдөгү, анын катарында жарандык авиация тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

«Биз жарандык авиация тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар өлкө экономикасынын, бизнес, туризм, логистика тармагынын, анын ичинде жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуунун  өнүгүүсүнө түрткү берет деп ишенебиз. Биз асманыбызды “ачууга” багытталган реформаларга, рынокту эл аралык авиакомпаниялар үчүн ачууга мүмкүндүк берүүчү  саясатка умтулуудабыз. Биз бул татаал жол экендигин түшүнөбүз, бирок биз алдыга коюлган милдеттерди чечебиз», – деп белгиледи ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: