Menu

Өзбек интеллигенциясы бозгундагы Мухаммад Салихти мекенине кайтарууну өтүндү

Бөлүшүү:

Өзбекстандын белгилүү акын-жазуучулары президент Шавкат Мирзиёевге ачык кат жолдошуп, акын жана оппозициялык маанайдагы «Өзбекстандын улуттук кыймылынын» лидери Мухаммад Салихтин мекенине кайтуусуна жардам берүүсүн өтүнүштү. Алардын каты 9-февралда Фейсбук социалдык түйүнүнө жарыяланды.

Өзбекстандын жазуучулар союзунун мурдагы биринчи катчысы, өзбек парламентинин экс-депутаты, «Бирлик» кыймылынын жана «Эрк» демократиялык партиясынын негиздөөчүсү Мухаммад Салих 1992-жылдан бери чет өлкөдө жашап келет.

“Сиздин кезектеги тарыхый чечимиңиздин 25 жылдан бери мекенинен алыс жакта жүргөн акын Мухаммад Салихке байланыштуу болушун каалайт элек. Мурдагы режим маалындагы туура эмес үгүттөн улам коомдо анын ысымын айтуудан коркуп калышкан. Бирок чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү улуу акынды унутуп калган жок. Мухаммад Салих биринчи кезекте акын, андан кийин гана саясатчы. Саясатка ал тагдырдын буйругу менен келген, ал өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөшкө катышкан», – деп жазылган президентке жолдонгон катта.

Мухаммад Салих былтыр мартта алгачкы жолу президент Шавкат Мирзиёевди колдогон видеокайрылуусун жарыялган. Бирок көп өтпөй Улуттук коопсуздук кызматы көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаевге каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында Салихти «конституциялык түзүлүшкө кол салууга» айыптаган. Акын бул айыптоолорду анын өлкөгө кайтып келүүсүнө жол бербөө максатында УККнын мурдагы башчысы Рустам Иноятов тарабынан уюштурулган кутум деп атаган.

Салих 1993-жылдын апрелинде «мамлекетке чыккынчылык кылууга» айыпталып, камакка алынган. Бирок дүйнө коомчулугунун басымы менен Ташкенттен чыкпоо шарты менен бошотулган. Бирок кийинчерээк Түркияга качып кетип, бүгүнкү күнгө чейин Стамбулда жашап келет. 1999-жылы Өзбекстандын Жогорку соту аны Ташкенттеги жардырууну уюштурган деп айыптап, сыртынан узак мөөнөткө кескен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: