Menu

КР Премьер-министри Сапар Исаков жана Дубайдын Инвестициялык корпорациясынын аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани кызматташуу тууралуу макулдашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Дубайдын Инвестициялык корпорациясынын (Investment Corporation of Dubai) аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле финансы, кыймылсыз мүлк, өнөр жай, энергетика жана транспорттук коммуникация тармагындагы айрым долбоорлорду талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Дубайдын Инвестициялык корпорациясы тарабынан жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашуусу орун алды, аталган корпорация өкүлдөрү өлкөгө рынокту жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү иликтөө жана потенциалдуу долбоорлор менен дыкаат таанышуу жана өнөктөштөр менен жолугушуу иретинде келишмекчи.

ICD корпорациясы бизнес-сегменттин кеңири чөйрөсүнө инвестициялайт: корпорациянын финансылык секторуна Дубайдын Улуттук Банкы, Дубайдын Ислам банкы кирет, ошондой эле корпорация Nasdaq Dubai, Borse Dubai акцияларынын маанилүү бөлүгүнө ээ; ICD компаниясынын транспорттук сектордогу инвестициясы өзүнө үч компаниянын камтыйт, алар Emirates авиалиниялары, dnata авиа кызмат провайдери, Дубай аэрокосмикалык ишканасы жана Fly Dubai менен биргеликте иш алып барышат.

Ошондой эле корпорация энергетика, өнөр жай жана кыймылсыз мүлк тармагына инвестициялайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: