Menu

Түркмөнстанда ун тартыштыгы жарандардын «ашыкча унун» конфискациялоо аркылуу жоюлушу мүмкүн

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын түндүк аймактарында ун тартыштыгын жергиликтүү калктын ашыкча унун конфискациялоо аркылуу жоюу жолдору караштырылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашөгүздөгү өз булактары кабарлашты.

“Абалдан чыгуу жолдорунун бири катары колунда бар адамдардын үйүн текшерип, ашыкча унун конфискациялоо каралууда”, – деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү тургун.

Анын айтымында, учурда атайын көзөмөл комиссиясы жарандарга ашыкча уну конфискацияланышы мүмкүндүгү тууралуу эскертүү берүүдө.

Акыркы айларда өлкөдө ун тартыштыгы байкалып, анын баасы өсүүдө. Буга байланыштуу түркмөнстандыктардын көбү мүмкүн болгон сайын ун сатып алып коюуга өткөндүгү айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: