Бишкек-Чүй жана өлкөнүн түштүк аймагына кыргыз- өзбек тилиндеги маалыматтарды таратып жаткан “Нур тв” деген аталыштагы телеканал сот жообуна тартылып, айыпка жыгылган Акматбек Келдибековго таандык экени айтылып жүрөт. Мына ушул телеканал жума сайын Курманбек Бакиевдин маалында бийликтин бийик сересинде маанилүү кызматтарды аркалап, манчыркаган экс-чиновник сөрөйлөрдү кечки эфирине чакырып, 2010-жылдан кийинки Атамбаев бийлигин тымызын сындатууну адатка айлантты. Мисалы, андан мурдагысын айтпай эле, акыркы эки жумада болгон көрсөтүүсүн алсак, биринчи жумада Бакиевдин убагында башкы прокурор, президенттин кеңешчиси болуп иштеген Элмурза Сатыбалдиев келип, сүттөн ак кишиче салмактап сүйлөп, жооп бергендей түр калтырган болсо, экинчи жумадагы көрсөтүүсүнө “Ак жол” үй-бүлөлүк партиясынын дирижёру аталып жүргөн Улукбек Ормонов катышып, 2010-жылдагы революцияга ким күнөөлүү экенин так айткысы келбей, “баарын тарых тастыктайт” деп, Бакиевдерге чаң жугузгусу келбеди.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ