Menu

“Кыргызкөмүр” ишканасы спортчуларды колдоодо

Бөлүшүү:

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы спортчуларды колдоого алып келе жатат. КРда спорттун хоккей оюнунун түзүлгөнүнө 20 -жыл болгонуна байланыштуу, 20 -жылдык юбилейди белгилөө мааракеси 10- февралда Жумгал районунун Чаек айылынын “Шортон” муз аянтчасында өткөзүлдү. Бул муз үстүндөгү спорттун түрүн 1998- жылы КРнын ЖКнын экс-депутаты Эркинбек Матыев негиздеген. 1998- жылдан бери хоккей оюуну боюнча турнирлер жыл сайын өткөрүлүп, хоккей федерациясы түзүлгөн. Спорттун бул тармагын колдоого алган “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы турнирге – бул жолу да кур кол барбай демөөрчүлүк көрсөттү. Ишкананын директорунун кеңешчиси Кубат Токонов маарекенин катышуучуларын жалындуу куттуктап, Кыргызкөмүрдүн атынан 100 миң сом акча каражатын тапшырды. ” “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы дайыма демөөрчүлүк, кайрымдуулук иштерин тынымсыз жүргүзүп келе жатканындыгын баса белгилеп, 2017- жылы ишкана ар тараптагы кайрымдуулук, демөөрчүлүк иштерине 2265812 сом берилгендигин айта кетти. Алдыдагы 2018-жылы да мындай жакшы саамалыкты улантыша берерин, ишкана муз үстүндөгү спорттун бул тармагын ар дайым колдоого алып келгенин, хоккей командаларына, жаш хоккейчилерге стимул берип турарын айтып, хоккейчилерге ийгилик каалап кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: