Menu

Тармактык комитет унааларды каттоо мөөнөтүн узартууга багытталган мыйзам долбоорун колдоого алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-февралда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

КРнын юстиция министринин орун басары Манас Сарымсаков аталган мыйзам долбоорунун концепциясы менен тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору коррупциялык факторлорду четтетүү, физикалык жана юридикалык жактардын автоунаа каражаттарын өз маалында каттатуусу (кайра каттатуусу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Долбоор аркылуу «КРдагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамдын транспорт каражаттарын каттатуу (кайра каттатуу) бөлүгүндөгү мөөнөттү 5 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин узартуу сунушталууда. Мындай ченем автоунаа каражаттарынын ээлери үчүн шарт түзүү максатында киргизилип жатат. Анткени унааларды азыркыдай 5 күндүн ичинде каттатууга баардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой калып жатат.

Мындан сырткары, КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү сунуш кылынууда. Анда автоунаа ээси унааны каттатуу (кайра каттатуу) эрежелерин сактабагандыгы үчүн сексен эсептик көрсөткүчтө айыппул төлөөсү каралган. Ал эми юридикалык жактарга жүз элүү эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыппул салынмакчы.

Комитет мүчөлөрү сунушталган мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: