Menu

Электрондук капчыктын айланасындагы чыр-чатак

Бөлүшүү:

Электрондук тармакта дейбизби же медиа тармакта дейбизби, акыркы убакта медиа өнөктүктөрү менен банктардын ортосунда бири-бирине бут тосуулар, чыр-чатактар уланууда. Анын эӊ негизги себеби Улуттук банк уюлдук байланыштардын ишине тоскоолдук жаратып жатыптыр. Дегенибиз, Кабар агенттигине барып баардык уюлдук операторлордун директорлору, менеджерлери келип жалпыга маалымдоо каражаттарына пресс-конференция өткөрүштү. Алардын айтуусунда уюлдук байланыш операторлорунун ассоциациясы уюлдук байланыш абоненттеринин өздүк эсептеринен электрондук капчыктарга каражат которууга улуттук банк каршы болууда деп түшүндүрүштү. Директорлордун айтымында электрондук капчыктар менен миллиондогон акчалар айланат экен. Анан эӊ негизгиси эч бир жакка чыкпай үйдө отуруп же жолдо кетип баратып деле коммуналдык төлөмдөрдү, интернетти ж.б. төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот. Дагы жакшы жагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн абдан пайдалуу экенин баса белгилешти операторлор. Себеби, алар дайыма эле сыртка чыгып иштерин бүтүрө беришпейт. Себеби, электрондук капчык аркылуу такси кызматы менен пайдаланып, үйүнө тамак буюртма кылып, концертке же киного билет алса болот.

Сергей Тахавеев: “Бир дагы абонентибиз электрондук капчыктын ишине карата терс пикирин билдирген жок”

“Биздин абоненттерибиздин арасынан электрондук капчыкты колдонгондордун саны көбөйдү. Андан сырткары, бир дагы абонентибиз электрондук капчыктын ишине карата терс пикирин билдирген жок. Муну менен электрондук капчыктын алып барган ишине жогору баа берүүгө болот. 3 ай абдан аз убакыт болсо да, колдонуучулардын саны жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Ал эми Улуттук банк болсо, электрондук капчыктарга эмне себептен тыюу салынганын так кесе айта алышкан жок. Менин оюмча биздин жарандар, башка өлкөнүн жарандарынан көп деле айырмаланбайт. Россия, Казакстан, Украина сыяктуу мамлекеттерде жарандарга электрондук капчыктар менен колдонууга уруксат берилген. Биздин өлкөдө да бул жолдун кандайдыр бир жакшы жагын караштырып жатабыз” – деди “Альфа Телеком” ЖАКнун сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Тахавеев.

Тирешүү 2018-жылдын 12-январында башталган. Ушул күнү КР Улуттук банкы (КРУБ) “2016-жылдын 30-мартында кабыл алынган №15/6 “Кыргыз Республикасындагы электрондук капчыктар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу «КР Улуттук банкынын токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” долбоорун кеңири талкууга алып чыккан.

Өз кезегинде Улуттук банк чектөөлөрдү киргизгенге аргасыз, анткени анын милдеттеринин бири – рыноктун катышуучулары үчүн каржылык тобокелдикти азайтуу. Дооматтар түшүнүктүү десек болот. Улуттук банктын көз карашы да расмий түрдө жарыяланган: “Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамчылыгынын нормалары сактала турган болсо Улуттук банк электрондук капчыктарга байланыштуу ишмердүүлүккө тыюу салбайт”.

Электрондук акчаларды жайылтуу боюнча ишмердүүлүгүнүн функционалдык схемасы өздүк эсептеринде топтолушуна шарт түзөт

Уюлдук байланыш операторлорунун электрондук акчаларды жайылтуу боюнча ишмердүүлүгүнүн функционалдык схемасы төлөмдөрдү жүргүзгөнгө каражаттардын электрондук капчыктарда эмес, абоненттердин өздүк эсептеринде топтолушуна шарт түзөт. Мындай алганда, уюлдук байланыш абонентинин өздүк счёту колдонуучунун каражаттарын чогултуп, сактоо функцияларына ээ болот. Иш жүзүндө бул каражаттар уюлдук байланыш операторлорунун карамагында жана анын колдонуусунда болот.

Дүйнөдө уюлдук байланыш операторлорунун бири-бири менен иштешүүсүнүн ар түрдүү моделдери бар, ал эмес бир эле өлкөдө бир убакта бир нече моделдер колдонулушу мүмкүн. Уюлдук байланыш операторлордун банктык кызматтарды көрсөтүүсүнө чектөөлөр коюлган өлкөлөр дагы бар. Мисалы, эми орусиялыктар да электрондук капчыктарга жана алдын ала төлөнгөн банктык карттарга каражаттарды банктык эсептерден гана которо алышат. Орус өкмөтүнүн буйругу менен профилдик ведомстволор тийиштүү мыйзамдарга ушундай тактоолорду киргизүү боюнча сунуштарды даярдап жатышат. Талкуулардын жыйынтыгы көрсөткөндөй, сунуштала турган чектөөлөр Борбордук банктын сунуштарынан да кыйла катаалыраак болушу мүмкүн. Орусиянын Борбордук банкы электрондук капчыктардан жана алдын ала төлөнгөн карттардан каражаттарды чыгарууга тыюу салууну да сунуштап жатат, ал эми Росфинмониторинг – алардын ээлери ким экендиги сөзсүз аныкталышы керек дейт. Ведомстволор жакында компромисске келе тургандыгын билдиришти, бирок өзгөрүүлөр сөзсүз болот.

Самара Саламатова
Булак: Багыт 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: