Menu

Тармактык комитет турак-үйлөрдү ижарага берүүнү жөнгө салган мыйзам долбоорун жактырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында салык тармагын электрондук тейлөөгө, анын ичинде электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өткөрүү үчүн салыкты электрондук жана аралыктан башкаруу усулун киргизүү чараларын ишке ашыруу максатында Өкмөт тарабынан сунушталган мыйзам долбоору каралды.

Эл өкүлдөрү жалпы эле салык чогултуу тармагы реформалоого муктаж экендигин белгилөө менен аталган мыйзам долбоорун экинчи орууда колдоп беришти.

Ошондой эле комитет жыйынында Турак-жай, Администрациялык жоопкерчилик жана бузуулар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин камтыган мыйзам долбоору да үчүнчү окууда жактырылды.

Белгилей кетсек, демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Жунус уулу аталган мыйзам долбоорунун алкагында жалпы өлкө боюнча көп кабаттуу үйлөрдөгү турак-жайларды мейманкана катары колдонуп, пайда көрүү жагы сунушталып жатканын билдирген. Андан тышкары, жаңы мыйзамга ылайык эгер ижарага берген учурда мыйзамсыз иштер жасалып, коомдук тартип бузула турган болсо, аны жасаган адамды гана эмес, турак-жай ээси да жоопкерчиликке тартылары маалымдалган.

Ал эми Өкмөт да аталган мыйзам долбоору көмүскө иш алып барган жеке ишкерлердин ачыкка чыгуусуна шарт түзүп, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү да кеңейтерин белгилеген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: