Menu

Башбакандар былчылдашканда

Бөлүшүү:

Башбакандар былчылдашканда

Өмүрбек Бабанов Ысык-Көл облусунда “Республика – Ата-Журт” фракциясынын өткөргөн көчмө жыйында жолугушуучуларга чубактын кунундай чубалган, атагынан чатагы көп Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолу боюнча сөз сүйлөп, бул жолго тиешелүүлөрдүн баарын жазалайбыз деген өңүттө саймедиреген. Буга байланыштуу Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевди каарып: «Акчаңар жок туруп, эмне үчүн тендер өткөрөсүңөр? Минфин акча бөлбөгөндөн кийин, казынада каражат жок болсо тендер өткөрүүнүн кандай зарылчылыгы бар эле? Бул маселени палатанын кароосуна алып чыгып, ошол маалдагы премьер-министрден баштап, тийиштүү аткаминерлердин баарынын жоопкерчилигин кароо керек. Тендер өткөрүүгө аралашкандарды бүт жоопкерчиликке тартуу зарыл. Мурда салыштырмалуу жакшы эле жол бар эле, азыркы кейпин карагылачы. Өткөн жылы го көчмөндөр оюнуна шылтоолоп кутулуп кеттиңер, быйыл эмне деп кутуласыңар?» – деп күпүлдөгөн. Министрдин орун басарынын айтымында, Балыкчы-Корумду жолуна баш-аягы 5,3 млрд. сом керек экен. Өкмөт болсо быйылкыга араң эле 1 млрд. сом бөлгөнү жаткан имиш. Демек, дагы 5 жыл көлдүктөр көргүлүктү көрүп, чаң жутуп, ылай-баткактын арасында калат экен. Ушунун баарын карап олтуруп, ошол маалдагы премьер-министр Т.Сариевге тышкы душмандар, «Ысык-Көлдөгү туризмди талкалап бер» дешкенби, анан Темир мырза алардын айтканын ашыгы менен аткарып бергенби деген ойго жетеленесиң. Ырасында, Сариев мырза башка регионду коюп, кыдырууну Көлдөн баштаса болмок экен, элдин баарын чырылдатпай. Айтмакчы, Бабановдун каккан добулбасынан кийин Сариев жөн калган жок. “Бабанов чаң басып текчеде жаткан ишти алып чыгып, ошол кездеги өкмөттүн жоопкерчилигин караганы жатат” – деп чыйылдап,  “Мен Бабановдун бул кылыгын Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан” алган каражаттын чуусун башкага буруп, коомчулукту унуткаруу үчүн жасап жатат деп ойлойм”, – деп Өмүрбек Бабановдун былыгын ашкерелеп таштады. Ошентип президенттик такты көздөн учкан эки аткаминер эртелеп бирин-бири шыбамайга өттү. Сыягы зериктиришпейт көрүнөт…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: