Menu

Жаңы төрөлгөн кыргызстандыктардын бардыгы сүйүнчү алалышабы?

Бөлүшүү:

“Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбооруна кол коюлуп, ал формалдуу түрдө иш жүзүндө аткарыла баштаганы менен сүйүнчү төлөөнүн айланасында талаш-тартыштар күчөй баштады. Ал эмес Жогорку Кеңеште бирдиктүү пикир жок, мыйзам долбоорун талкуулап жатканда айрым депутаттар Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунованы кызматтан кетире жаздашты. Министр депутат Улан Примовго жооп берип жатып, керек болсо азыр эле кызматын таштап кетип калганга даяр экенин айтты. Бирок депутаттар Дастан Бекешов менен Исхак Масалиев өкмөт мүчөсүн колдоп чыгышып, бул мыйзам долбоорун депутаттар өзүлөрү иштеп чыкканын, шайлоонун оюнуна азгырылып аны өзүлөрү колдоп чыккандарын эскертишти.

Белгилүү кинорежиссер Садык Шер-Нияз бул мыйзам тууралуу талкуу негедир аз камсыз үй-бүлөлөргө социалдык жардам берүү нугунда гана болуп жатканына нааразычылыгын билдирди. Биринчи кезекте моюнга алышыбыз керек, бул шайлоого карата алынып келген мыйзам болгон.  Көрсө, өкмөт кембагалдардын үйүндө бала төрөлсө сүйүнөт экен, байлардын же орто жашаган адамдардын үйүндө ымыркай төрөлсө кайгырабы? Биз сүйүнчү пул деп атап жатабыз. Бул мыйзам бөлүнбөшү керек, бул куру шылтоо. Сүйүнчү пул баарына бөлүнбөй берилиши керек, – деди депутат Садык Шер-Нияз. Бул боюнча азыр бирдиктүү пикир жок, депутаттар да, өкмөт да сүйүнчүнүн статусун так аныктай албай жатышат. Бул жөлөк пулбу же Кыргызстанда төрөлгөндөргө кам көрүүбү?

Мыйзам долбоору шашылыш түрдө кабыл алынган эле, эми ага чукул өзгөртүүлөрдү киргизип жатышат. Сүйүнчүнү өз убагында бергенге жоопкерчиликтүү мамлекеттик ведомствалар менен министрликтердин буга даяр эместиги жогоруда айтылганды тастыктайт. Башында сүйүнчү 1-январдан баштап берилет делген болчу, андан кийин аны 15-февралга жылдырышты. Маселен, документтин алгачкы нускасында жарым жыл мурун балалуу болгон үй-бүлөлөр да сүйүнчү алалат деп жазылган болчу. Депутат Бекешовдун сунушу боюнча бул норманы алып салышып, 2018-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөндөргө гана берилет деп оңдошту. Баса, жаңы жылга караган түнү 311 ымыркай жарыкка келген.

КР мамлекеттик каттоо кызматы бюрократиялык процедураларды азайтуу максатында, сүйүнчү берүүнү автоматташтыруу боюнча сунушун киргизди, сүйүнчүгө каралган каражат түз эле жарандардын банктык эсебине которулуп турмакчы. Бирок банктык эсеби жок тоолуу аймакта жашаган жарандар өз сүйүнчүсүн кайсы банктан алаары азырынча белгисиз.

Жаңы жылдын алгачкы күндөрүнөн тартып жөлөк пулдун үч түрү киргизилмекчи. Биринчиси – бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү “балага сүйүнчү” жөлөк пулу (мыйзам долбоорунда ушинтип жазылган). Экинчиси – бала үч жашка чыкканга чейин ай сайын берилип туруучу “балага жөлөк”. Үчүнчүсү – 3 жаштан 16 жашка чейинки үч жана андан көбүрөк баласы бар үй-бүлөгө ар-бир үчүнчү жана кийинки баласы үчүн берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу.

Бирок керек боло турган каражаттарды эсептеп чыгышканбы, сүйүнчүдөн башка жөлөк пулдарды төлөп берүүнү кийинкиге калтырууну чечишти. Өкмөттө социалдык жөлөк пулдардын көп түрдүүлүгү калктын айрым катмарында жатып ичерликти жаратышы мүмкүн деген кооптонуу жаралды.

Депутат Айнура Алтыбаеванын айтымында, бала үчүн жөлөк пулду айрым депутаттар да алып турушат, бирок депутат кесиптештеринин ысымдарын атагысы келбеди. Анын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 292 миң жаран жөлөк пул алат, бирок Улуттук статкомитеттин эсептөөсүндө, алардын саны 92 миң адам гана болушу керек экен. Парламентарийдин пикиринде, калган 200 миң адам жөлөк пул алып туруш үчүн керектүү билдирмелерди сатып алышкан. “Баланын жождогу контрактын жөлөк пулдун эсебинен төлөп жаткан үй-бүлөлөр бар. Ушундай үй-бүлөлөр социалдык жактан корголбогондорго киреби?”, – деп таңгалат Алтыбаева. Келтирилген сандардагы чоң айырмачылык айрым гана депутаттарды таңгалтырды, мисалы коммунист Масалиевди.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин пикиринде, жөлөк пул алып жаткан үй-бүлөлөрдү колдоо көрсөтүүнүн пассивдик формасынан жумушка орноштурууда жардамдашуу, өзүн өзү багуусуна көмөктөшүү, балдарын бала-бакчага орноштурууга жардам берүү, талап чоң болгон кесипке окутуп үйрөтүү сыяктуу активдүү формасына акырындык менен өткөрүү керек. Министрлик тактагандай, 1-апрелге чейин 2009-жылы кабыл алынган мыйзамдын нормалары иштейт, ага ылайык балдары бар аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөк пул берилип турат. Жөлөк пулдун бул түрүн төлөш үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин андагы ар-бир адамдын башына эсептеп келгенде ал кепилдендирилген эң төмөнкү киреше деп кабыл алынган 900 сомдон аз болушу керек. Баса, депутаттар үч жашка чейинки үч жана андан көбүрөк баласы бар үй-бүлөлөргө ар-бир баласы үчүн 700 сомдон жөлөк пулду берүүнү токтотууну сунушташкан эле. Эгер бул сунуш өтүп кетсе 30 миң бала! жөлөк пулсуз калмак.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин учурдагы спикери Дастан Жумабеков ар-бир төрөлгөн балага сүйүнчү төлөөнү 2013-жылдан бери сунуштап келген эле. Алгач, бул демилгени ал “Ата-Журт” фракциясынын курамында болгондо көтөргөн, андан кийин бул сунушу “Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы убадаларынын бири болду.

Башында балалуу болгон ар-бир үй-бүлөгө бир жыл аралыгында 50 миң сом берүү сунушталган. Бирок бул демилгени колдошбоду, бюджетке чоң күч келтирээрин айтышып, көбү аны популисттик деп таап, ишке ашырганга мүмкүн эмес дешти. Андан кийин төлөнүүчү сумма 10 миң сомго чейин түштү, кийинчирээк дагы азайтылды. Жыйынтыгында жаңы мыйзамда анын өлчөмү 4 миң сом болду, тоолуу аймактын тургундары гана көбүрөөк алалышат.

Сүйүнчүүнүн төлөнүшүнө күтүүсүздөн жакында эле парламентте отурган, жаңы дайындалган вице-премьер Аскар Шадиевкаршы чыкты. Мурдагы кесиптештеринин сынына Шадиев, сүйүнчүгө кете турган каражатка аймактарда бир нече оорукана курса болоорун ойлонбостон дароо жооп кылып айтты. Сүйүнчүнүн төлөнүшүнө каршы экенин вице-премьер бир нече жолу билдирген.

Жалпылаганда, сүйүнчү боюнча кызык жагдай жаралды: бир вице-премьер анын киргизилишине каршы чыгып жатты, социалдык тармак үчүн жооп берген башка вице-премьер парламенттин президиумунда унчукпай отурду. Негизи өкмөт бул мыйзамдын кабыл алынбашына кызыкдар окшойт деген сезим калды, ал эмес министр Исакунова депутаттардын сынына кош көңүл жооп берип жатты, кызматтан кеткенге жеңил эле макул боло койду. Өкмөттүн өзүндө да бул мыйзам долбоору тууралуу бирдиктүү көз караш жок болуп жатса, анын ишке ашырылыш бүдөмүк бойдон калчудай.

Алмаз Исманов 

Булак: Жаңы Жүздөр

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: