Menu

Ө.Текебаев: Ишенбейм, коркпойм, суранбайм, көп сүйлөбөйм

Бөлүшүү:

«24.kg» МА абакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен маектешти. Суроолорду 19-январда жиберип, бир жумадан кийин жообу алынган.

Адамды кемсинтпөөнүн кандай маанилүүлүгү тууралуу

-Өмүрбек Чиркешович, абактагы жайдын абалына кандай баа бересиз? Эмне өзгөрткүңүз келет? Кандай катаалдыктар же азаптар болот?

-Мен белгилеп коюшум керек: 2017-жылдын 26-февралында мени кармаган күндөн тартып УКМКнын кызматкерлери мага сый-урмат жана жумшак мамиле кылып келишти.

СИЗО-1 жана мен азыр турган №47 колониядан дагы ушундай эле мамиле болуп келет.

Мен айтып коюшум керек, кылмыш-жаза мыйзамдары жана инструкциялары кармалган, камалган жана соттолгон адамга карата колдонулат.

Мен терс мамиле кылып келген саясий атаандаштарыма айтып коюшум керек, алар мага камалып турган учурумда адамдык ар намысымды басмырлаган мамилеге барышкан жок.

Андай кыла деле алышмак. Мисалы, мага бир дагы жолу колума кишен салышкан жок, колумду артыма алып басууга мажбурлашкан жок. Мен кадимки жумушка бараткандай эле басып жүрдүм. Бирок, бул УКМКнын СИЗОсунда мага жеңилдетилген, өзгөчөлөнгөн шарт түзүп берди дегендикке жатпайт.

Суранычым боюнча мени бир кишилик камерага жайгаштырышты. Камера стандарттуу. Бирок мага талап катуу болчу. Мисалы, башкаларга уруксат берилген, а мага радио угууга жана телевизор көрүүгө тыюу салынган.

Мени толугу менен обочолонтуп кармап келишти. Сырткы жашоо менен адвокаттарым аркылуу гана байланышып жаттым.

Менин адвокатым Искен Афиджанов жумасына беш жолу кирип турду.

Ишенбейм, коркпойм, суранбайм, көп сүйлөбөйм

-Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жана айланаңыздагылардын кармоо шарты жана мамилесине нааразычылыгыңыз барбы?

-Мен азыр №47 түзөтүү колониясындамын. Мен соттордун мага карата чечимдерин мойнума албайм жана акталаарыбызга ишенем. Так ушул ишеним мага күч берет, колониянын оор жашоосун басып өтүүгө жардам берет. Мен моралдык жактан саясий атаандаштарымдан жогору турган артыкчылыгымды сезем. Алардын жеңиши-жеңиш деле эмес.

-Бир күн ичинде эмнелер менен алектенесиз?

-Баарыбызга маалым, абак курорт эмес. Бул жерде арызданууга болбойт. Мен, Алмазбек Атамбаев жана башка жолдоштор 2000-жылдардын башында Кыргызстандагы эң биринчи саясий туткун Феликс Кулов отурган колонияга барганбыз. Ошондо Феликс Кулов бизге бир нече сөздөр менен колониянын жашоо эрежелери тууралуу айтып берген: “Ишенбе, коркпо, суранба жана көп сүйлөбө!” Мага бул эрежелердин абдан чоң жардамы тийип жатат!

Окуунун пайдасы тууралуу

-Камактагы кезиңизде сиздин жашооңузда эмне өзгөрдү?

-Менде шарт жакшы, бул колония ушундай. Кызматкерлер дагы, соттолгондор дагы урмат-сый менен мамиле кылышат. Менин суранычым боюнча өзүнчө жашайм.

 Мага жакын туугандарым гана эмес, белгилүү саясатчылар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, саясий партиянын лидерлери жана менин жолдошторум (Роза Отунбаева, Феликс Кулов, Исхак Масалиев жана башкалар) кирип турушат.

Алардын ар бири ушул жерден сөзсүз түрдө оку деп китеп ала киришет.

Менде чоң библиотека топтолду. Бул жактан акылдуу гана эмес билимдүү дагы болуп чыгат болушум керек.

Бир жолугушуудан экинчи жолугушууга чейин

-Менин мүнөзүм көп ачылбаган, жабык болчумун, жалгыздыкты жакшы көрчүмүн же мындайча айтканда тартынчаак болчумун. Эч ким, анын ичинде өзүм дагы мен эл алдындагы коомдук ишмер болом деп ойлочу эмесмин.

Азыр өткөн жашоомо, жаш кезиме кайтып келген сыяктуумун. Өз ой-толгоолорум, сарсанаам, пландарым жана үмүттөрүм менен жекеме-жеке калдым. Бир гана айырмасы, мурункуга салыштырмалуу жогорку деңгээлде, анткени жашоодон алган тажрыйбам бар. Бул менин азыркы күндөрүмдү артка калтыруу үчүн, философиялык маанай тартуулап жатат.

Күндөр окшош өтүп жатат. Физкультура менен алектенем, гезит жана китеп окуйм, телепрограммаларды көрөм, радио угам.

Кээ бир учурда өз ой-толгоолорумду жазам. Келээрки жолугушууну күтөм. Бул жерде убакыт жолугушуулар менен өлчөнөт. Бир жолугушуудан экинчи жолугушууга чейин, деп жашайсын.

Кыргызстандын түзөтүү жайларында илгерки совет мезгилинен калып калган, азыркы чыныгы жашоого жооп бербеген абдан көп эрежелер жана талаптар бар.

Мен эми түзөтүү жайлары өзүнүн эң негизги миссиясы болгон кайра тарбиялоо ишин аткаруусу үчүн жаза аткаруу системасын ичтен билем жана аны кандай реформалоо керектигин дагы билдим.

Андан сырткары, соттолгондордун абактагы шартын кандай жакшыртуу керектигин дагы билдим.

Түрмөдөгүлөрдү ким тукуруп жатат

-Алмаз Абековдун сизге жазган каты тууралуу ой-пикириңизди айта кетсеңиз.

-Абеков — бул башкалардын оюнундагы марионетка. Аны бир жыл мурун апрелде дагы УКМКнын СИЗОсуна которуп мага каршы пайдаланууга аракет кылышкан. Ал мага карата жалган күнөөлөрдү түртүп,  Абдил Сегизбаевге кат жазган. КТРК жана башка мамлекеттик ММКларды пайдаланып аны таркатууга аракет кылышкан. 

Абеков абакта болуп туруп КТРКнын журналистине маек берип жатат! Ушундан эле Абековдун артында кандай күчтөр турганын билсе болот. Менин көз карашымда, Абековдун билдирүүсүнүн артында үч тапшырма бар: түрмөдөгүлөрдү мага каршы тукуруу (Абеков эмне үчүн Конституциясы иштебей калгандыгы, эмне үчүн сот реформасы кыйроого учурагандыгы жана башкалар боюнча Текебаев түрмөдөгүлөрдүн астында жооп бериши керек деп билдирүү кылган); кээ бир саясий топтордун, айрыкча УКМК өздөрүн келечекте актануу үчүн далил даярдап жатышат (эгерде “кокустан” бир нерсе болуп кетсе, түрмөдөгүлөр Текебаевдин саясатына жана идеаларына каршы экен деп койсок болот дешет); дагы бир жолу Текебаевдин кадыр-баркын төмөндөтүү.

Мойнума алам жана кечирем

Сиз саясий ишмердүүлүгүңүздө кандай чоң катачылыктарыңызды азыр мойнуңузга аласыз?

-2010-жылы парламенттик шайлоодон кийин президент Роза Отунбаева КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевге Конституциянын негизинде өкмөттү түз деп тапшырды. Алмазбек Атамбаев аны жок кылды.

Ошондо Роза Отунбаева өкмөттү түзүү мандатын парламенттик “Ата Мекен” фракциясына, башкача айтканда мага бере турганын билдирди.

Мен андан баш тартып, Өмүрбек Бабановго мандатты бердим. Ал Алмазбек Атамбаевдин президент болуусуна шарт түзүп берген, премьер-министрликке жылдырды.

Менин ал мандаттан баш тартпашымды көп саясатчылар, фракция лидерлери суранышты, ал тургай талап кылышты. Бирок мен аларды уккан жокмун. Так ушул менин эң башкы саясий катачылыгым деп эсептейм.

Эгер мен өкмөттү түзүүчү мандаттан баш тартпаганымда Алмазбек Атамбаев президент болбой калмак.

Тарых башка нукка түшмөк…

Өмүрбек Текебаев, 9-февраль 2018-жыл

Булак: 24.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: