Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен коррупцияга каршы күрөш боюнча мындан аркы чараларды талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-февралда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйында 2018-жылы 8-февралда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынтыктары, келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен анын чечими талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына Коопсуздук кеңештин акыркы жыйынынын чечимине ылайык, биринчи кезекте өлкөнүн укук коргоо, сот жана көзөмөлдөөчү органдарында коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча активдүү жумушту баштоону, коррупция менен күрөшүүчү органдардын бардык жетекчилик курамына талдоо жүргүзүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин катчылыгына буга чейин негизсиз токтотулуп турган жана жабылган кылмыш иштерин иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын ишин өзгөчө көзөмөлгө алуу милдетин тапшырды.

«Мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларацияларын дыкат текшерүү зарыл. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин чыгашалары дыкат текшерилет. Кыргызстандыктар мамлекеттин бардык тармактарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча чечкиндүү чараларды күтүүдө», – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Жумушчу жыйында ошондой эле Коопсуздук кеңешинин кийинки жыйындарынын планы талкууланды. Кийинки жыйындарда энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, тоо-кен тармагында, фискалдык органдарда, каттоо жана архитектура кызматтарындагы коррупция менен күрөшүү маселелери каралат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: