Menu

Депутаттар абакта ачкачылык кармаган саясатчылардан кабар алышты

Бөлүшүү:

Абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчыларды Жогорку Кеңештин депутаттары көрүп чыгышты. Бул тууралуу №47 абакка кирип чыккан парламент депутаты Жанар Акаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын саламаттыгы начарлап кеткен.

– Айрыкча Бектур Асановдун абалы оор экен. Түрмөнүн дарыгерлери анын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин билдиришти. Ошондуктан дарыгерлер саясатчы акциясын токтотпосо кесепети оор болорун эскертишти. Биз да ачкачылыкты токтотушун сурандык. Бирок алар УКМКнын төрагасы Сегизбаевди кызматтан кетирүү боюнча талабы аткарылмайынча ачкачылыкты токтотпой турганын айтышты, – деди Жанар Акаев.

Ал абактагы саясатчылар жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун акыркы билдирүүлөрүнөн үмүттөнүп турушканын билдирди. Депутат абактагы саясатчылардын абалы боюнча маселе парламентте көтөрүлөрүн да кошумчалады.

№47 абакта кармалып турган саясатчылар менен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Алтынай Өмүрбекова, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев жана Талант Мамытов жолугуп чыккан.

“УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин” жана “соттор адилет чечим чыгарсын” деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Эрнест Карыбеков 31-январдан, Кубанычбек Кадыров 1-февралдан бери “кургак ачкачылык” кармап жатышат.

Бул адамдар “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп 2016-жылы кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп таап, Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Дастан Сарыгулов болсо төрт жылга шарттуу кесилген. Мындай чечимге нааразы болгон айыпталуучулар Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Бирок шаардык сот да райондук соттун чечимин быйыл 7-февралда күчүндө калтырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: