Сириядагы АКШнын соккуларынан көптөгөн орусиялык жалданма жоочулар мерт болду. Окуя өткөн аптада мунайга бай Дейр-эз-Зор аймагында болгон. Анда АКШ башында турган эл аралык коалициянын күчтөрү өкмөттүк армиянын базасына каршы сокку урган.
Чабуулда ар кыл эсептер боюнча президент Башар Асадды колдогон 100дөн 500гө чейин аскер набыт кеткен. Алардын арасында “Вагнера” жеке компаниясында кызмат өтөгөн орусиялыктар бар экенин айтылууда.
Бирок 13-февралда өлгөндөрдүн ичинен төртөөнүн гана ысымы белгилүү болду.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул тууралуу комментарий берип жатып, “Биз Сирия армиясына колдоо көрсөтүү үчүн ал жакта жүргөн Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери тууралуу гана маалымат бере алабыз. Сириядагы башка орусиялыктар үчүн жооп бере албайбыз”, – деди.
Орусиянын Коргоо министрлиги АКШ авиасоккусунан орусиялыктардын набыт болгонун четке какты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ