Menu

Жалал-Абадда дагы ымыркайлыр үчүн сүйүнчү пул берилебаштады

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында сүйүнчү пулду биринчилерден болуп 14 үй-бүлө алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын социалдык бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, январь айында төрөлгөн балдар үчүн бир жолку берилчү сүйүнчү пул 14 балага чектелген. Аларга 4000 сомдон, жалпы 56 миң сом которулган.

-Январь айында документ тапшырган 14 үй-бүлөнүн эсебине акча которулду. Сүйүнчү пул документтерди тапшыргандан кийин бир ай аралыгында келет. Бирок, сөзсүз түрдө баланын ата-энеси кайрылышы керек. Буга чейин ата-энелер бизге кайрылышкан болчу. Мындан ары жарандар балага сүйүнчү пулду алууда, Жарандык актыларды каттоо кызматынын жана Калкты тейлөө борборунун маалыматтык күркөсүнө арыз жазышы зарыл болот, – дейт шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси Гүльмира Раимкулова.

Эске сала кетсек, бала туулганда бир жолу төлөнүүчү “сүйүнчү пул” тууралуу мыйзам үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта күчүнө кирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: