Menu

Ырыcбек Өмүрзаков, журналист: “Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы күрөш эми башталат”

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстан “Transparency International” уюмунун коррупциянын деңгээли боюнча рейтингинде өйдө көтөрүлө албай жаткандыгын, буга укук коргоо, фискалдык органдар жана сот бийлиги күнөөлүү экендигин билдирди. Ошондуктан, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын койду. Өлкө башчысынын айтканы аткарылабы, бул убадалардын өтөсүнө чыга алабы?

– Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде сот-прокуратура, укук коргоо органдарындагы коррупцияны ооздуктоо боюнча катуу чараларды көрө турганын айтты. Ал убадасын эл укту. Бирок, азырынча, кандай чара көрүлөрү, чоң суроо… Президент, “буларга дагы бир шанс бериш керек”,- деп айтканы, түшүнүксүз болуп, аны колдойбуз дегендерди бир аз ойго салды… “Эмнеге бир тоок урдагандарга шанс берилбейт да, мамлекетти тоногондорго шанс беришибиз керек?”- деген суроолор пайда болууда. Президент Сооронбай Жээнбековдун бир касиети бар – ал коррупциялык схемаларга жана коррупциялык иштерге, башкысы, 2010-жылдагы кан төгүүлөргө кошулган эмес. Фарид Ниязов – бет тырмоонун чоң адиси. Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы күрөш эми башталат.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: