Menu

Атасы жок Бексултандын сөөгү шаардык жалпы көрүстөнгө коюлду, энеси камакта

Бөлүшүү:

Жакында Ош шаарында 2 жаш 8 айлык Бексултан аттуу баласын башына депкир менен катуу сабап, эс-учун билбей комада жаткандыгы тууралуу суук кабар баарыбыздын келмебизди оозубуздан түшүргөн болчу. Ош облустук балдар ооруканасынын маалыматы боюнча, наристенин мээсине толук кан жетпей, шишип кеткен. Андан көп узабай баланы “оор абалга жеткирген” деген шек менен апасы кармалып, 2 айга убактылуу камакка алынган. Шектүү келин көрсөтмөсүндө: “Баламды катуу уруп алган окшойм. Депкир менен бутуна, башына, аркасына урдум. Башына катуу тийиптир. Балам шымына сийип койгону үчүн урдум. Атасы менен ажырашып кеткем. Эмне болуп кеткенин билбейм. Ооруканага эжем экөөбүз алып бардык. Ошто эжемдин үйүндө эжем, анын баласы, мен жана балам болуп жашайбыз”,- деген көрсөтмө берген. Өзү ата-эне мээримин көрбөй, өгөй болуп чоңойгон. Турмушка чыкканын да эч ким билген эмес. Бирок, 12-февралда андан да суук кабар угулду – өзүнө келбеген Бексултан ооруканада каза болуп калган. Баарынан да атасы ким экендиги билинбей, жарык дүйнөдөн наристе бойдон кете берген баланы эч бир тууганы жерге берүүгө батынбай, шаардык жалпы көрүстөнгө коюлду. Албетте, өз канынан жаралган баланы каттуу сабаган эне азыр камакта. Тилекке каршы ким аны ушул абалга жеткирди, атасы кайда, бул биздин бүгүнкү коомдун күзгүдөн көрүнүшү эмеспи деген суроолорго ким жооп берет?

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: