Menu

Өзбекстан УККсынын жетекчилик кызматтарына прокуратура кызматкерлери дайындалды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда прокуратуранын жооптуу кызматтарда иштеген бир нече жумушчусу Улуттук коопсуздук кызматындагы жетектөөчү орундарга дайындалышты. Бул тууралуу УККдагы өз булактар кабарлашты.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратуранын алдындагы Салык жана валюталык кылмыштарга каршы күрөшүү департаментинин башчысы Жахангир Эгамов Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары болуп дайындалды. УККнын башчысы болуп быйыл 31-январда дайындалган Ихтиёр Абдуллаев 2015-жылдан бери өлкөнүн башкы прокурору болуп келген.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген өзбек аткаминеринин айтымында, УККнын Ташкенттеги тергөө башкармалыгынын башчысы дагы алмашты.

Бул кызматка буга чейин Ташкент шаардык прокурорунун орун басары жана Ташкент шаардык прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын башчысы болуп иштеген Аброр Абдуллаев дайындалды.

Азырынча бир дагы расмий ММК, Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы дагы бул кадрдык алмашуулар тууралуу жаза элек. Президент Шавкат Мирзиёев быйыл январдан тарта Улуттук коопсуздук кызматында кадрларды жапырт алмаштыруу баштаган. 31-январда өзбек атайын кызматын 1995-жылдан бери башкарып келаткан Рустам Иноятов кызматтан алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 94 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: