Menu

АКШ Орусия быйыл дагы шайлоолорго кийлигишет деп эсептейт

Бөлүшүү:

АКШнын чалгын кызматынын жетекчилери 2018-жылы өтө турган аралык шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү күтүлүп жатканын билдиришүүдө. Шайлоону 435 конгрессменден турган Өкүлчүлүк палатасы аныктайт.

Мындан тышкары 100 орундан турган жогорку палатанын 34 сенаторунун ысымы дагы белгилүү болот. Шайлоо 2018-жылы 6-ноябрда өтөт.

13-февралда сенат комитетине чакырылган улуттук чалгындоонун директору Дэн Коутс Орусия шайлоону үзүлтүккө учуратуу үчүн пропаганда жүргүзүүнү улантып жатканын айтты.

Коутстун сөзүн башка беш чалгындоо мекемесинин, анын ичинде ЦРУ башчысы Майк Помпео дагы колдоду. Эки апта мурун ал Москва АКШда өтө турган шайлоолорго таасир этүүгө аракет жасай турганын билдирген.

Сенат комитетинин төрагасынын Демократиялык партиядагы орун басары Трамптын администрациясын шайлоодо Орусиянын кийлигишүүсүнө бөгөт коюу үчүн жакшы аракет жасабай жатат деп сындады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: