Menu

Аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2018-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2018-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 16-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 31-беренелерине ылайык  төмөндөгүдөй токтом кылынат:

Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулсун.

Чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылуу укугунан ажыраган эркек жарандар 2018-жылдын март-майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларын, альтернативдик кызматтын кызматчыларын бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктасын.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: