Menu

Тиешелүү мыйзамдарга баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо ага жеке идентификациялык номер ыйгаруу киргизилүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Үй-бүлө кодексине, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамдарга) 1-окууда каралды.

Аталган маселе боюнча КР юстиция министри Уран Ахметов баяндама жасады.

Мыйзам долбоордун концепциясы КР Үй-бүлө кодексинин жана жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүүгө, ошондой эле жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды инвентаризациялоону, өркүндөтүүнү жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган.

Долбоор аркылуу КР Үй-бүлѳ кодексине, «Жарандык абалдын актылары жѳнүндѳ», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жѳнүндѳ, аскердик жана альтернативдик кызматтар жѳнүндѳ» мыйзамдарга жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында бала тѳрѳлгѳндѳ мамлекеттик каттоодо ѳздүк персоналдык номерди ыйгарууну киргизүү каралат.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору Жарандык абалдын актыларын жазуу  органдары аскерге милдеттүүнүн жана чакырылуучунун фамилиясы, аты-жѳнү, туулган күнү жана жери ѳзгѳргѳнү жѳнүндѳ маалыматтарды, ошондой эле аскерге милдеттүү жана чакырылуучу каза болгону катталган жагдайлар жѳнүндѳ райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына үч күндүн ичинде билдирүүнү карайт.

Талкууда персоналдык идентификациялык номер (ПИН) төрөлгөн балдардын баардыгына бериле тургандыгы, ПИН болбосо башка документин ала албастыгы тууралуу маселелер, каза болгондугу тууралуу билдирүүнү 3 күндүн ичинде жасоо деп өзгөртүүнүн себептери такталды. Ошону менен катар эл өкүлдөрү атын, фамилиясын, атасынын атын кайсы учурда өзгөртө алаары боюнча дагы сунуш-пикирлерин беришти.

Мыйзам долбоорундагы никелешкен адамдардын каалоолору боюнча никеге туруусу арыз берилген күндөн тартып жети календардык күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт деген ченемдеги 7 күндүк мөөнөт эмнеге негизделип киргизилип жаткандыгы боюнча бир катар суроолор жаралды.

Соңунда мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: