Menu

Алмазбек Каримов, медиа-эксперт: “Асылбек Жээнбеков агасын көндүрүп, келечекте партия эле түзбөй, референдум да өткөрүп, президенттин ыйгарым укуктарын күчтөп алышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер болгон, өз көз карашы, позициясы бар, гезитибиздин туруктуу эксперти, “8-каналдын” жетекчиси Алмазбек Каримов менен мамлекетибиздеги айрым саясый жагдайлар боюнча баарлаштык.

– Ош бажысындагы коррупциялык схеманын бети ачылганы коррупция менен күрөшүүнүн башталышыбы же Атамбаев менен жаңы бийликтин ортосунда тирештин жанданышыбы?

– Менимче, Исаковдо атайылап коррупциялык схеманын бетин ачам деген ой болгон эмес. Булар “иштеп жатабыз, биз кыйраттык”- деген нерсени коомчулукка айтыш үчүн коррупциялык схеманын эң башкы системасын элге жарыялап жиберишти. Чынында Кулматовдун ошол кездеги орун басары “Райым миллион” болчу. Азыр “кыйраттык, ал системаны жокко чыгардык”- деп актанышканы менен, ошол системаны жакшы өздөштүргөн Кулматовду азыр деле иштетип жатышат го. Сыягы, бул нерсени кимдир бирөөгө таш ыргытып, элге жакшы көрүнөм дегендер байкабастан айтып алды. Бул тармактагы коррупцияны жоём десе, ал жерде эки эсе эмес, элүү эсе түшө турган сумма айланып жатат. Коррупциялык схеманын жарыяланып кеткени эл үчүн пайдалуу болду. Эми эл бийликтен эсебин сурап алат. Анткени, революциялык кырдаалды эл эмес бийлик өзү жаратат. Ич ара “секреттерин” байкабай айтып алышып, элдин абалын курчутат. Эл лидери жок эле көчөгө чыга турган абалга жетип калды.

– КСДПнын курултайы улам артка жылганан “бийлик партиясында абал оңой эмес” деп жооругандар бар. Чын эле кырдаал кыйындап жатабы?

– КСДПнын курултайы негизи декабрда болушу керек эле. Ал январга жылды, эми андан да жылды дешип жатат. Менин оюмча мурдагы президент беш жылдан бери кандай иштегенин, мамлекетти эмне кылганын, туңгуюкка кептегенин өздөрү да жакшы билишет. Ошон үчүн мурдагы КСДПнын тизмесиндеги олигархтар жоопкерчиликтен качып, КСДП сууга чөгүп бараткан, келечеги туңгуюк партия экенин сезишип, ал партия менен шайлоого аттануудан баш тартып жатышат. Анын жоопкерчилиги чоң экенин да билишет. Жоопкерчиликтен качып, КСДП менен шайлоого баруудан баш тартышууда. Ошондуктан Атамбаев тизме түзүүдө өтө кыйналып жатат. Атамбаев болгон күчүн жумшап, партиянын тизмесин түзсө да, анын келечеги жок партия. Бирок, партиянын тизмеси түзүлсө, жазында парламенттик шайлоо болуп калышы мүмкүн.

– Асылбек Жээнбеков КСДПны күчтөйбү же өз алдынча партия түзүүнүн айласын издейби?

– Бул нерсе эки кландын тирешинен чыгуучу маселе. Эгерде президент “мен айткандай болот”- деп өз алдынча чымын өлтүрүп отура берсе, Асылбек Жээнбеков агасын көндүрүп, келечекте партия эле түзбөй, референдум да өткөрүп, президенттин ыйгарым укуктарын күчтөп алышы мүмкүн. Азыр Сапар Исаковдун командасын жем чачып алдап кармап турушат. Эгер Жээнбековдор бардык нерсени колго алгысы келсе, Асылбек Жээнбеков аркылуу Жогорку Кеңештеги биргелешкен депутаттар партия түзүп, референдуму колдоп бериши мүмкүн.

– Сапар Исаковдун ордуна Абдил Сегизбаев келип калышы мүмкүнбү?

– Биз бул бийликтен ар нерсени күтсөк болот. Саясаты минут сайын өзгөрүп турат. Элди алаксытуу максатында Сегизбаевди же Сексенбаевди алып келгени менен маселе чечилбейт. Элди көчөгө чыгарбаш үчүн парламентти таркатат же кайсы бир саясый фигураны алмаштырышат.

– “Кырдаал кыйын. Жазда эл бийликке бирди көрсөтөт”- деген пикирди таянгандар да болуп жатат. Элде нааразычылык баштагыдан күчтүүбү?

– Бизде жакшыбы, жаманбы кошуна мамлекеттерге караганда 5-президент болду. Салт катары президенттин 100 күндүгүн белгилейт. Жүз күндүн ичинде кайсыл саясый экономикалык жолду тандап алды. Өзүнө кандай команда түздү, кайсыл институт эмнени башкарып жатканын баары мамлекеттин экономикалык саясатына такалат. Мен жеке жаран катары 100 күндөн кийин өз көз карашымды айтам. Саясатташып кеткен эл жана серепчилер да позициясын билдирет. Элдин маанайы ошого жараша өзгөрөт. 100 күндөн кийин президент элди эмне деген сөз менен алдайт же эл кандай баасын берет, ошого чейин чыдай туралы.

– Бишкектиктердин жылуулуксуз калганы үчүн эмнеге энергохолдингдин башчысы кызматынан кеткен жок. Исаковдун “ал жакшы кадр, мен анын арызын кабыл албай койдум” дегени эле бардык катачылыкты жууп коёбу?

– Ал деле коррупциялык системаны мыкты өздөштүрүп, коррупциянын ме- ханизмдерин жакшы билген адамды иш- тен кетиргиси келбесе керек. Анткени, ал жердеги каражатты энергохолдингдин башчысы жалгыз эле өзү албайт, аны айрым чиновниктер менен да бөлүшөт. Ошон үчүн бул жигит дагы көпкө чейин иштей берет. Башка мамлекетте чинов- никтер кечигип калганы үчүн кызматтан кетип жатса, бизде аварияга учурап, элдин кыйналганын да эске алышпайт. Буюрса, энергохолдингддин башчысы бир топко чейин иштейт. Жогору жактагыларга көп кызмат кылып берет.

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

Булак: Майдан.kg

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: