Menu

Эт жегиң келдиби? Ошко бар, арзан!

Бөлүшүү:

Ош шаардык мэриясы “Эттин бир килосу 315 сомдон гана сатылсын!”- деп баа бычты. Бул жөнүндө Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров кабарлады.

– Жергиликтүү бийлик үчүн шаардыктардын кызыкчылыгы башкы орунда турат. Ошол себептүү сатуучулардын дагы кеткен чыгымын эсептеп, туруктуу бааны кармоо максатында ушундай кадам жасадык. Мониторингдин жыйынтыгына ылайык баардык чыгымдарды эске алганда бир кило эттин баасы 311,36 сомду түздү. Андыктан бир жактуу карабастан сатуучулардын дагы, касапчылардын дагы жана кардарлардын дагы эмгегин баалап 1 кило эт баасына 315 сомду чектедик, – деп кошумчалады Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров. Белгилей кетчү жагдай: быйыл жыл башында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаанын борбордук базарында жана кичи базарларда сатылып жаткан уйдун жана койдун эти 330 сом болуп жаткандыгын, бул чындап кымбат экендигин айтып тийиштүү жетекчилерге арзандатуу боюнча тапшырма берген эле.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: