Menu

Фоторепортаж – Бишкек шаардык ЖЭБ ишиндеги технологиялык бузулууларды иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары чыгарылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиевдин төрагалыгы астындагы Бишкек шаардык ЖЭБинде штаттык эмес абалдын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча ведомство аралык комиссиянын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык ЖЭБ ишиндеги технологиялык бузулууларды иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары чыгарылды.

Комиссия мүчөлөрү Бишкек шаардык ЖЭБ цехтерине баруу менен технологиялык жабдуунун иши, жылуулук менен камсыздоо боюнча абал менен таанышып, буу казандарды жана турбиналык цехтерди, машиналык залды жана негизги башкаруу щитин көрүп чыгышты.

Бишкек шаардык ЖЭБ директору Андрей Воропаев комиссия мүчөлөрүнө учурда жылуулук борборундагы иш штаттык режимде жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Ведомство аралык комиссиянын жыйынтыгы боюнча аныкталгандай, Бишкек шаардык ЖЭБ ишинде башкаруучу документтерге жана «Электр станциялары» ААК кызматтык адамдарынын функционалдык милдеттенмелерине карата талаптардын, эрежелердин одоно бузулуусу орун алган, натыйжада, Бишкек шаардык ЖЭБиндеги жылуулук берүүгө жоопкер жабдуунун авариялык өчүүсү келип чыккан.

Бишкек ЖЭБ ишиндеги технологиялык бузулуунун алдын ала себеби катары оперативдик персоналдын тузсуз суу бактарындагы деңгээлди төмөндөтүүдөгү макулдашылбаган аракети эсептелет, бул авариялык абалдын курчушуна алып келген.

Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча аныкталгандай, Бишкек шаардык ЖЭБ кызматкерлери жана жабдуусу температуранын -30 градуска чейин төмөндөшүнө даярдалбаган, бирок «Электр станциялары» ААК жетекчилиги Бишкек шаардык ЖЭБге 2018-жылдын 23-январында температураныны төмөндөшүнө байланыштуу авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу боюнча тийиштүү ыкчам чараларды кабыл алуу жөнүндө телефонограмма жөнөткөн. Ушундай эле эскертүү «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК тарабынан жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, 25-январда 2017/2018-жылкы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын кеңешмеси болуп өткөн, анда калкты жылуулук жана ысык суу менен камсыздаган бардык кызматтардын кыш мезгилине тыкыр даярдык көрүүсү тууралуу айтылган.

Ага карабастан, 2018-жылдын 24-январында химиялык тузсуздандырылган суунун чыгымы 1,5 эсеге көбөйтүлүп жана кийинки күндөрү суунун чыгымы казандарды жууга, жылытууга, фильтрлерди регенерациялоого, 3-блокту ишке киргизүүгө даярдоо үчүн жогорулатылган. Химиялык тузсуздандырылган суунун деңгээлинин төмөндөө себептерин иликтөөдө белгиленгендей, бактардагы суунун деңгээлинин датчиктери тоңуп жана алардын көрсөткүчтөрү иш жүзүндөгү көрсөткүчкө дал келген эмес, иштеп жаткан насостордун манометрлерине аба толуп калган. Мындан тышкары, насостордун фильтрлерин ачууда анда түтүктөрдүн ар кандай калдыктарынын фрагменттери чыккан.

Оперативдик персонал химиялык тузсуздандырылган сууну берүү боюнча жабдуунун ишинин штаттык эмес режиминин келип чыгуусун өз учурунда аныктай алган эмес, ар бир цехтин кызматкерлери өз алдынча иш алып барып, аварияны жоюу боюнча инструкциянын талаптарына ылайык, оперативдик персоналдын аракетин жалпы координациялоо болгон эмес.

Бишкек шаардык ЖЭБдин абалынын андан аркы татаалданышына тышкы импульстук түтүктөрдүн, контролдук-өлчөгүч аспаптардын жана ар бир өчүрүлгөн казан агрегатындагы автоматиканын тоңуусу себеп болгон. Казандардын тоңусуунун алдын алуу үчүн алардан суу төгүлгөн, ал эми импульстук түтүктөрдө жана казандар менен байланыштыруучу түтүктөрдө калган суулар тоңуп калган.

Андан соң казандарды ишке кое берүү үчүн суу менен толтурулганда, импульстук түтүктөрдөгү тоңгон жерлерде жаракалар пайда болгон, аларды оңдоо үчүн суу төгүлүп, оңдолгон соң кайрадан толтурулган. Казан агрегаттарын ишке киргизүү үчүн калган тоңуп калган импульстук түтүктөр жана байланыштыруучу түтүктөр от  менен жылытылып турган, ага убакыт талап кылынган.

2018-жылдын 26-январында Бишкек шаардык ЖЭБдеги жылуулук энергетикалык жабдуунун ишинде бузулуулар орун алганда буу казандары сууга толтурулган 3-блоктун ишке киргизилбегендигинин себеби болуп химиялык тузсуздандырылган суунун жетишсиз көлөмү эсептелген. Ал эми кийинки күндөрү суунун көлөмү казан толтурууга жетишсиз болгон, ал үчүн 240 тонна керектелген.  Үчүнчү блок 2018-жылдын 30-январында ишке киргизилген, Бишкек шаардык ЖЭБинин ишинин нормалдуу режими 2018-жылдын 2-февралында калыбына келтирилген.

Өткөрүлгөн иштин алдын ала жыйынтыктары боюнча аныкталгандай, авариянын себебине аварияны жоюуда оперативдик персоналдын макулдашуусуз аракеттери, жабдуу үчүн суунун жетишсиз көлөмү, имараттардын жана курулуштардын күз-кыш мезгилин өтүүгө даяр эместиги, 3-блокту ишке киргизүүнүн создуктурулушу негиз болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: