Аз күн мурун социалдык түйүндөрдө бүйүр кызыткан видео тарады. Жалил Атамбаев менен Нургазы Айдаров мас абалдарында өзбек авторитети Салимбай байбачаны колтуктап алышып, өлө кошомат кылышканы көзгө өөн учурады. Салимбай кыргыз элинин тиреги экенин айтып түгөтө алышпай, аябай сыймыктанышарын жар салышкан Ж.Атамбаев менен Н.Айдаров бир ооздон бакылдашты. Видео интернетте желдей тарап, көргөндөр экөөнүн жагымпоздук жоруктарына түкүрүнүп атышты. Ичтери да өтүп атышты… Самынсыз эле жылмыша беришпей, кичине оор басырыктуу болушса болбойт беле?
7-канал Кыргызстан
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ