Menu

Өзбекстан: Эл аралык уюмдар камактагы журналист менен активисттерди бошотууга чакырды

Бөлүшүү:

Эл аралык жыйырма укук коргоо уюму Өзбекстан бийлигин журналист Бобомурод Абдуллаевди, блогер Хаётзан Насреддиновду жана жаш окумуштуу Акром Маликовду камактан чыгарууга үндөштү.

Укук коргоо уюмдары 13-февралда жарыяланган билдирүүсүндө расмий Ташкенттен камактагы журналист Бобомурод Абдуллаевдин укук коргоо органдары тарабынан кыйноого алынгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү иликтөөнү талап кылышкан.

«Өзбекстан өкмөтү атайын кызматты реформалоо үчүн кадамдарды жасап жаткан чакта, камактагы журналисттер кыйноого алынгандыгы тууралуу билдирүүлөр тез арада иликтениши керек», — деди Хьюман Райтс Вотч (HRW) уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Стив Свердлов.

8-февралда ташкенттик укук коргоочу Сурат Икрамов өз булактарына таянуу менен журналист Бобомурод Абдуллаевди «мыйзамсыз кармап, кыйноого алып жана кылмыш ишин жасалмалагандыгы» үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын эки офицери жумуштан алынганын билдирген.

Былтыр сентябрда камакка алынган журналист Бобомурод Абдуллаев «серепчи Усман Абдуллаев» деген жашыруун ат менен интернетке сын макалаларды чыгарып турган деп айыпталууда. Бул иш боюнча айыпталып жаткан башка төрт адамдын бири, 27 жаштагы окумуштуу Акром Маликов Өзбекстандын учурдагы жетекчилигин ачык сындаган. Кылмыш иштери боюнча Ташкент облустук соту аны конуституциялык түзүлүшкө кол салуу беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылган эркинен ажыраткан.

Өткөн жылы октябрда камалган ташкенттик блогер жана окутуучу Хаетхан Насреддинов өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салууга айыпталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: