Menu

Мадияр Кулуев орун басарларын жамандаганды койбосо, аз күндө көчүккө тебилет…

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Ленин РИИБсинин начальниги, курсагы кучак Мадияр Кулуевди биз бир курдай сындагандан кийин жумушка эрте келип, кайра өз убагында кетип атканына күбө болуудабыз. Баштагыдай той-аштарды шылтоолоп, жалкоолоно иштен качпай калыптыр. Турмуш ушундай да, сын-пикир адамды чыйралтып, аз да болсо оңолууга жол ачат эмеспи. Эми-и, Мадиярдын ишке келүү тартиби оңолгону менен ушак айтмайы, инт­рига жүргүзмөйү токтобой атат да. Эки орун басарын артынан жамандап, шыбап атканы кандай? Эгерде ошол орун басарлары болбосо Ле­нин РИИБси реалдуу көрсөткүчтөрдүн алкагында 2-орунду камсыздайт беле? Натыйжада, Кулуевге дагы кулак кагыш кылабыз, өздүк курамды ичтен иритпеңиз, ушакты токтотуңуз, эгерде мындай темп менен кете берсеңиз, бир күнү көчүккө тебилип, талаада каласыз! Чын эле, сизди жогорку жетекчилик карап турат, баардык кыймыл-аракетиңиз көзөмөлдө.

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: