Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 4,5 миллиард доллардан (311 миллиард 846 миллион сомдон) ашты. Бул жөнүндө каржы министри Адылбек Касымалиев маалымат жыйынында билдирди.
– Тышкы карызыбыз 4 миллиард 81 миллион доллар (280 миллиард 905 миллион сомду), ал эми ички карызыбыз – 449 миллион долларды (30 миллиард 941 миллион сомду) чапчыды, – деди каржы министри Адылбек Касымалиев. Өлкөбүздүн каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, Орусия менен 240 миллион доллар карызды кечүү боюнча атайын келишим бар. Ага, бирок, азырынча кол коюла элек. Эгерде кол коюлса, тышкы карыздын көлөмү азыркыдан дагы азаят.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ