Menu

24 “йакын-инкарчынын” күнөөсү далилденди

Бөлүшүү:

Кара-Суу райондук соту “Йакын инкар” диний уюмунун идеяларын жайылтып жүргөн 24 кишини эки жылга шарттуу түрдө кести. Бул жөнүндө Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жанна Сатарова билдирди. Соттолгон адамдар – Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын тургундары. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, булар өткөн жылдын декабрь айында Кара-Суу районунун аймагында “Йакын инкар” агымынын идеяларын жайылтып жүрүшкөндүгү ырасталган. Баса, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту былтыр 15-июнда Кыргызстанда “Йакын инкар” агымынын ишмердүүлүгүн таптакыр тыйган өкүмүн угузган. Ага дейре бул агымдын мүчөлөрүнө даават кылууга муфтият дагы тыюу салган эле. “Йакын инкар” диний тобу Кыргызстанда дааватчылык уюму таанылган “Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыккан деп эсептелет. Анын мүчөлөрү “Балдар-кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл! Телефон, телевизорлорду колдонбош керек!”- деген өңдүү мыйзамсыз эрежелерди карманып келишкени менен таанымал.

Алишер ТОКСОНБАЕВ

Булак: Майдан.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: