Menu

Эртелеп эрге тийгендер бат эле ажырашып кетишүүдө

Бөлүшүү:

Кыргызстанда жалпы никеге тургандардын 13 пайызын 18 жашка толо элек секелектер түзүшөт. Бул көрсөткүч, албетте, өлкөбүздө жыл сайын жети миң чакты кыз өспүрүм курагында турмуштун катаал жана татаал босогосун аттап жатышкандыгын айгинелейт.

Араван районунда жашаган он алты жашка толо элек кыз телефон аркылуу никеге тургандыгы – акылга таптакыр сыйгыс жорук! Бирок, мындай кырдаалга өбөлгө жаратышкан секелектин кайын энеси жана таэнеси акыры соттолушту. Өзү Орусияда эмгектенип, бирок, телефон аркылуу эле Кыргызстанда жансактаган жапжаш кызга үйлөнгөн жигиттин бул жосунсуз жоругу ушул тапта укук коргоо органдары тарабынан кең-кесири иликтенип жаткан чагы. Мындай аракетти Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов дагы ырастады.

– Эң эле кейиштүүсү: салтка ылайык нике кыйылып жаткан маалда жигит Орусияда экен. Молдо анын макулдугун телефон аркылуу эле алып таштаптыр,- деди Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов.

– Үйлөнгөн жигит чет өлкөдө иштеп жүргөндүктөн, ага байланыштуу кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү. Анткени, чөнтөк телефон аркылуу нике кыйылган эки жаш биргезде Орусияда жүрүшүп, кадимкидей эле чогуу жашашыптыр. Ошондо эле кыздын боюна бүтүп дагы калган экен. Ушундан улам кайын эне жана таэне өз ара макулдашып, жогорудагыдай кадамды жасашыптыр.

Ошентип, аталган фактынын негизинде дароо кылмыш иши козголуп, натыйжада кыздын 57 жаштагы таэнеси Кылмыш-Жаза Кодексинин 155-беренеси (“Никеге мажбурлоо”) боюнча айыпталып, сот аны “бир жыл аялдар колониясында жазасын өтөсүн!”- деген өкүмүн угузган. Бирок, ушул эле Кылмыш-Жаза Кодексинин 63-беренесине ылайык (“Шарттуу соттоо”) жаза бир жылдык шарттуу мөөнөткө алмаштырылган.

Ал эми жигиттин 54 жаштагы апасы былтыр октябрь айында төрт жылга абакка кесилген. Бирок, акырында айыбы кайрадан эки жылдык шарттуу жазага алмаштырылган.

– Телефон аркылуу эки жашка нике кыйган молдонун үстүнөн дагы кылмыш иши козголгон эле. Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө анын аракетинде кылмыштын курамы таптакыр аныкталган жок! Ошон үчүн Ош облустук соту тарабынан толук бойдон акталды,– деп кошумчалады Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов. – Анткени, эки жашка нике кыйып жатканда кайын энеси молдого жалганды айтып, “кыз он сегиз жашка толгон” деп каратып туруп алдаган экен. Коомдук ишмер Барчынай Табалдиева мындай жосунсуз жана акылга таптакыр сыйбаган жоруктарды тыюу иретинде секелектерди мажбурлап турмушка узаткандардын баардыгын тең катаал жазага чегерүү абзел деп эсептейт.

– Ооба. Эки жашка мажбурлап нике кыйдырткандардын бирөө-жарымы бүгүн токтоосуз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылса, анан эртең булардын баары тең ойлонот эле, – деп тызылдады коомдук ишмер Барчынай Табалдиева.

– Өткөндө кыз ала качуу жараянына катышкандардын бирөө-жарымы кадимкидей соттолду эле, кыз ала качуу адаты таптакыр тыйылбаса дагы, кескин түрдө азайды. Салтка ылайык куда түшүп, өз ара сүйлөшүп, анан гана кыздарын күйөөгө узатуу салтка айланып баратат. Бул, албетте, жакшы жышаан.

Бириккен Улуттар Уюмунун 2016-жылдагы изилдөөсүнө таянсак, Кыргызстан эрте никеге турган кыздардын саны боюнча Евразия чөлкөмүндө бешинчи орунда ээлейт. Ал эми КМШ мамлекеттеринин статистика комитетинин маалыматына караганда, 15- 19 жашында көз жарган кыздар жагынан Кыргызстан Азербайжандан кийинки экинчи орунда баратат.

Булак: Майдан.kg

 

 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: