Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды.

2018-жылдын 8-февралында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында прокуратура органдарынын алдына коюлган коррупцияга каршы чаралар жана тапшырмалар талкууланды.

Президент Башкы прокурорго прокуратура органдары жана укук коргоо же өлкөнүн башка мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлгөн негизсиз текшерүүлөр фактыларын жокко чыгаруу боюнча чара көрүү милдетин тапшырды.

«Тынымсыз текшерүүлөрдөн улам мамлекеттик органдардын жана ишкерликтин толук кандуу иштешине жол бербей, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө жолтоо кылып жатабыз. Бул жөнөкөй жарандарды кыйноого жана  алардын көйгөйүнө негизделген бизнеске айланып жатат», – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Муну менен бирге укук коргоо жана башка органдардын мамлекеттик органдардагы коррупцияны алдын алуу боюнча көзөмөлдөө ишинин жетишсиздиги белгиленди. Ошондой эле кызматтык кылмыш фактылары, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоо тармагындагы кылмыштар жана коррупция боюнча кылмыш иштерин иликтөөлөрдү мыйзамсыз токтотуу же кыскартуу маселеси да талкууланды.

Президент бул багытта бардык кылмыш иштерин инвентаризациядан өткөрүү жана тиешелүү кызмат адамдарынын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү тапшырмасын берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: