Тажикстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги Согди облусунун мажлисинин экс-депутаты жана Исфарадагы химиялык заводдун мурдагы башкы директору антикоррупциялык агенттиктин кызматкерлери тарабынан төрт жыл мурун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматты чекте какты.
Агенттиктен билдиришкендей, Низомхон Жураев 2014-жылы кармалган эмес, ага чет өлкөгө чыкпоо көрсөтмөсү гана берилген.
Низомхон Жураевге карата козголгон кылмыш иштин бир бөлүгү сотко өткөн. Ишкер 2014-жылы өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш ишинин бир бөлүгү токтогон. Низомхон Жураев учурда эл аралык издөөдө, бирок анын кайда экенин белгисиз.
Январь айынын башында Низомхон Жураев Киевдеги Борисполь аэропортунда кармалган. Бирок Киев облусунун соту аны камоодон баш тарткан.
Исфара шаарындагы химиялык заводдун мурдагы директору Низомхон Жураев уюшкан кылмыш тобун түзүүгө айыпталууда. Бул топ Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Толиб Бобоевдин өлтүрүүгө, мыйзамсыз курал сактоого, арам акчаларды адалдоого, 16 мамлекеттик объектини мыйзамсыз менчиктештирүүгө шектелип келет. Тажик тергөөчүлөрү бизнесмен салык төлөөдөн качып, жалпысынан 38 миллион сомонини (11 миллион доллар) кымырып кеткенин айтышууда.
Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги мурда ишкердин туугандары берген маалыматтар боюнча ал Кыргызстанда жашырынып жүргөнүн кабарлаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ