Menu

Президент башкы прокурорго негизсиз текшерүүлөрдү азайтууну тапшырды

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков прокуратура жана башка укук коргоо органдары жүргүзгөн негизсиз текшерүү фактыларын жокко чыгаруу маселесин көтөрдү. Ал 15-февралда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган учурда ушундай тапшырма берди.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков:

– Тынымсыз текшерүүлөр мамлекеттик органдардын жана ишкерликтин толук иштешине жол бербей, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жолтоо кылып жатабыз. Бул жөнөкөй жарандарды кыйноого жана алардын көйгөйүнө негизделген бизнеске айланып жатат, – деп белгиледи.

Жээнбеков укук коргоо жана башка органдарда коррупциянын алдын алуу боюнча көзөмөл жетишсиз болуп жатканын кошумчалаган.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында президент УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын форматын өзгөртүш керек экенин айтып, күч органдарындагы коррупцияга байланышкан иштерди сындаган.

13-февралда атайын кызматтын башчысы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, кыска мөөнөттө Коррупцияга каршы күрөш кызматынын ишин талдап чыгууну тапшырган. Кызматкерлер ал жерде иштөөгө ылайыктуубу деген өңдүү маселелерди кайрадан карап чыгуу милдетин койгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: