Menu

Оролдо жаңы аянтка Назарбаевдин ысымын ыйгаруу сунушталууда

Бөлүшүү:

Орол шаарындагы жаңы курулган аянтка казак президенти Нурсултан Назарбаевдин атын берүү сунушталууда.

Орол шаарынын администрациясынан билдиришкендей, аянтка президенттин ысымын ыйгаруу сунушу коомдук кеңештин жыйынында айтылган.

Демилге шаардык кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынса, ал андан ары республикалык ономастикалык комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт.

Өткөн айда Түштүк-Казакстан облусунун депутаттары Шымкенттеги Астана проспектисине Нурсултан Назарбаевдин атын берүүнү сунушташкан.

Былтыр ноябрда Алматыдагы борбордук көчөлөрдүн бирине казак президентинин ысымы берилген.

Казакстанда Назарбаев атындагы университет, интеллектуалдык мектеп, китепкана бар. Назарбаев тууралуу “Лидердин жолу” аттуу киноэпопея тартылган, ондогон китеп жазылган, бир катар шаарларда анын эстелиги орнотулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: