Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 2018-жылдын 14-февраль күнү алдын ала алынган маалымат боюнча 2018-жылдын 6-февраль күнү Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Бирдик айылынын 3 тургуну (1983-жылы туулган К.Чоялиев, 1976-жылы туулган С.Чоялиев, 1989-жылы туулган С.Айылчиев) Кабак кыштоосуна мал издегени атчан чыгып кетишкен.
2018-жылдын 12-февраль күнү кечинде К.Чоялиев Бирдик айылына келип, С. Чоялиев жана С. Айылчиевдин адашып жоголгондугу тууралуу кабар берген.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12-февралдан 13-февралга караган түнү туугандарынан 10 адам чыгып кетишкен, ал эми 14-февраль күнү саат 14:20да издөө иштерине кошумча айыл тургундарынан 15 адам жана КР ӨКМнин №46 өрт-каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары ат менен чыгып кетишти.
Бул маалыматты КР ӨКМдин райондук бөлүм башчысына 2018-жылдын 14-февралда саат 12:30да жергиликтүү тургундар тарабынан ооз эки берилген.
Кошумча маалымат берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ